Кыргызстанда 980дей адвокаттын лицензиясы токтотулат

Кыргызстанда 980дей адвокаттын лицензиясы токтотулат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, мунун ичине колдонуудагы жана токтотулган адвокаттык лицензиялар кирет.

 

Белгиленгендей, ведомство адвокаттык лицензиялардын статусу жөнүндө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 4 миң 700 адвокат каттоодон өткөн.