Кыргызстанда көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салынды

Кыргызстанда мындан ары көзү ачыктык, бүбү-бакшычылык, төлгө салуу, сыйкырчылык менен алектенүүнү жарнамалоого жол берилбейт. “Жарнама жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койду.

 

«Мыйзамдын максаты — оккульттук, сыйкырчылык жана башка анык эмес ыкмалар менен жарандардын аң-сезимине таасир көрсөтүүнү болтурбоо» деп айтылат Президенттик админстрация тараткан маалыматта.

 

Мыйзам долбоорун бир ай мурда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Демилгечилердин бири — депутат Марлен Маматалиев.

Министрлер кабинети эми жарнамалоого тыюу салынуучу кызматтардын тизмесин аныктоого тийиш.