Токтогул суу сактагычында дээрлик 11,6 млрд куб метр суу бар

19-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд 548 млн куб метрди түздү.

 

Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтындагы маалыматта айтылат.

 

Учурда суунун агып келиши секундасына 819 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 486 куб метрге жетүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан 18-июлуна чейин суунун көлөмү 509,1 миллион куб метрге көбөйгөн.