1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, жаңы окуу жылын утурлай 20 мектеп жана 10 бала бакча пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, дагы 20 социалдык багыттагы объекттин курулушу бүткөрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.