10,5 миң жаран ID-картасын акысыз алмаштырууга арыз берди

Кыргызстанда 10,5 миң жаран сары түстөгү ID-карталарды акысыз алмаштырууга арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

 

«Сары түстөгү гана ID-карталар алмаштырылууга тийиш. 2017-жылдын үлгүсүндөгү биометрикалык паспорттор алмаштырылбайт. Анткени алар коопсуздуктун бардык талаптарына толук жооп берет. 2004-жылдын сары түстөгү ID-карталары бар жарандар бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, жаңы биометрикалык паспортторду алууга чакырабыз. Бул коопсуздукту жакшыртууга жана мамлекеттик кызматтарды жеңилдетүүгө маанилүү кадам болуп саналат”, — деди ал.

 

Эске салсак, Кыргызстанда паспорт, ID-карт жана башка документтер «Учкун» ишканасында чыгарыла баштаган. ID-карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция 31-августка чейин уланат. Андан кийин паспортту адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмаштырса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.