17-июнда Калкты тейлөө борборлору иштебейт

17-июнда Калкты тейлөө борборлору иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, дүйшөмбүдө Курман айтка байланыштуу эс алуу жарыяланган.

 

Жарандар зарыл документтерди алуу же каттоо боюнча иштерин дем алыш күндөрүн эске алуу менен пландашы керек. Калкты тейлөө борборлору 18-июндан тарта кадимки тартипте иштейт.