«Кальмар оюндарынын» экинчи сезону декабрь айында чыгат деп күтүлүүдө

Түштүк Кореянын «Кальмар оюндары» сериалынын экинчи сезону 2024-жылдын декабрь айында чыгат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу америкалык басылмалар актёр Ли Чжон Чжэге таянып жазып чыгышты.   Бирок Netflix премьера күнүн расмий жарыялай элек.   Кошумчаласак буга чейин, 2023-жылдын күзүндө Netflix компаниясы «Кальмар оюндарынын» негизинде реалити-шоу башталарын… Кененирээк…

Баткен облусу боюнча үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды

Баткен облусу боюнча үй тибиндеги 11 бала бакча ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Бүгүнкү күндө 15 тайпада 400дөй бала тарбияланууда.   Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын 75%дан ашыгы бала бакчага барбайт. Ал эми Баткенде балдардын 26%ы гана мамлекеттик бала… Кененирээк…

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү алмашты. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурлан Айтмурзаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.   Мамлекет башчы кол койгон башка жарлыктын негизинде Динара Кемелова Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат

Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери уланат.   «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жумуштар аба ырайынын шарттарын эске албаганда 20-майдан 24-майга чейин жүргүзүлөт. Мындан улам, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай тосулуп турат.   Белгиленгендей, таш түшүрүү иштери Бишкек —… Кененирээк…

“Манас” аэропортунда изделип жаткан бомба табылган жок

“Манас” аэропортунда изделип жаткан бомба табылган жок. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.   Бүгүн, 16-майда “Манас” эл аралык аэропортуна бомба коюлган деген маалыматтан улам аэропорттун кызматкерлери менен жүргүнчүлөр эвакуацияланып, 40 мүнөттөн кийин кайра имаратка киришти.   Белгиленгендей, пландалган рейстер токтотулган жок.

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта 55 миллион сом жумшалат деп пландалууда.   Учурда үрөн чарбачылыктары менен 40 келишим түзүлдү. Ага ылайык, буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта, эспарцет жана картөшкөнүн уругу сатып алынат.

Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды

Бишкекте температура боюнча рекорд жаңыланды.   Синоптиктердин маалыматына ылайык кечээ, 15-майда ордо калаада аба 34,5 градуска чейин көтөрүлдү. Ага ылайык, орточо суткалык температура нормадан 9 градуска ашты.   Белгилеп кетсек, 15-майдагы эң ысык күн буга чейин 2004-жылы катталган. Анда шаардагы аба 33 градустан ашкан.

«Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.   Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган стадиондо гибриддик оюн талаасы, 5 миң көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп-түзөлдү. Анын алкагында эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  

Кыргызстандык окуучулар Борбор Азия олимпиадасында 10 медалга ээ болду

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында бир алтын, үч күмүш жана алты коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.   11-12-майда Казакстандын Алматы шаарында өткөн олимпиадага Борбор Азиядан 78, анын ичинен Кыргызстандан 27 окуучу катышкан.

Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады

Кыргызстан менен Кытай “Бедел” бекетин ачуу боюнча талаа иштерин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка караганда, жумушчу топ аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдын ала жайгашкан жерлерин, чек ара жана бажы көзөмөлүнүн объектилерин карап чыкты. Ошондой эле Барскоон-Учтурфан-Аксуу унаа жолунун курулушунун маршруту жана… Кененирээк…