Мадриддик “Реалдын” жана Германия курамасынын жарым коргоочусу Тони Кроос карьерасын жыйынтыктайт

Мадриддик “Реалдын” жана Германия курамасынын жарым коргоочусу Тони Кроос карьерасын жыйынтыктайт. Ушул жайда өтө турган Европа чемпионатынан кийин ал футболдон кете турганын жарыялады.   Кроос испаниялык клубдун курамында 2014-жылдан бери ойноп, 4 жолу Чемпиондор лигасын уткан. Ошондой эле, Германия курамасы менен Дүйнө чемпиону болуп, Еврокубокту… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин түштүк-чыгышында таза суу жок болот

Бүгүн Бишкектин түштүк-чыгышында таза суу жок болот. “Бишкек суу каналы” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Тунгуч кичи районунда жана Рухий-Мурас, 44ГА конуштарында  өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы спортзал пайда болот

Бишкектин Ак-Өргө конушунда жаңы спортзал пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, объект мурдагы буу казан турган имаратта жайгашат. Ремонттук иштер аягына чыгып калды.   Имараттын чатыры, дубалдары бекемделип, канализация тармагы өткөрүлдү. Ошондой эле аймагын көрктөндүрүү иштери аткарылды. Муниципалитеттен белгилешкендей, спортзалда спорттун бир нече түрү боюнча машыгууларды, мелдештерди… Кененирээк…

Кыргызстандык 6 мушкер Бангкокто лицензиялык турнирге катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Таиландда өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдешке катышат.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат. Кыргызстандын курама командасынын мушкерлери Анвар Ходжаев, Мунарбек Сейитбек уулу, Асхат… Кененирээк…

Кыргызстанга Пакистандын тышкы иштер министри келди

Кыргызстанга кыска мөөнөттүү иш сапары менен Пакистандын тышкы иштер министри, вице-премьери Мохаммад Исхак Дар келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, аны «Манас» аэропортунан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тосуп алган. Буга чейин пакистандык министр Бишкекте болгон чыр-чатактан улам ооруканаларда дарыланып жаткан мекендештеринен… Кененирээк…