Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлөт.   Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар    1 гигакалория үчүн 1 миң 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80 чарчы метрден ашса, жылуулук энергиясынын… Кененирээк…

Газ жабдууларын орнотууга уруксатты эми жашаган аймактан алса болот

Газ жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксатты эми жашаган аймактан алса болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Аталган мекеме бүгүнкү күндө Баткен облусунан башка бардык аймактык бөлүмдөр бул кызматты көрсөтүп жатканын белгилейт. Баткенде диагностикалык борбор ачылгандан кийин уруксат… Кененирээк…

Бишкекте “Мурас” турак жай комплексиндеги курулуштун экинчи этабы уланууда

Бишкекте “Мурас” турак жай комплексиндеги курулуштун экинчи этабы уланууда. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, 24 кабаттуу тогуз үй курулат.   Биринчи этап былтыр жазында башталган. Анын алкагында 18 кабаттуу 11 үй курулуп жатат.   Объектилерди биринчи этапта пайдаланууга берүү быйылкы жылга белгиленген. Кошумчаласак, “Мурас” турак… Кененирээк…

Кыргызстанда алты миңден ашык фермер жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 6 миңден ашык фермер жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына караганда эки миллиард сомдон ашык каражат берилген.   Ведомство долбоорго эки банк катышып жатканын эскертет. Кредиттөөнүн жалпы көлөмү беш миллиард сомду түзөт.

Бишкекте жер силкинди

Бишкекте жер силкинди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.   Ага ылайык, бүгүн, 31-майда саат 11:13тө Казакстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Бишкек шаарынын аймагында 3,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар… Кененирээк…

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, эки көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Алардын бири Жазы дарыясында, экинчиси Кара-Дарыяда жайгашкан.   Жалпысынан жолдун бардык тилкелеринде 300 адам иштеп жатат. Ошондой эле 92 атайын техника тартылган.

Ахунбаев көчөсү Токтоналиевден Малдыбаев көчөсүнө чейин жабылды

Бүгүнтөн тарта Ахунбаев көчөсү Токтоналиевден Малдыбаев көчөсүнө чейин оңдоо иштерине жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.   Маалыматка ылайык, Токтоналиев көчөсү унаа кыймылына ачык болот.   Учурда Ахунбаевдин Чыңгыз Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.   Белгилеп кетсек, Ахунбаев… Кененирээк…

Кыргызстандан 580ден ашык унаа экспорттолду

Кыргызстандан 580ден ашык унаа экспорттолду. Ушул жылдын январь айынан март айына чейинки маалыматтар менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү.   Ведомство унаалар Россия, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркияга жеткирилгенин белгилейт. Жеткирүүлөрдүн баасы 5 миллион доллардан ашты.

Кара-Суу шаарында кыска мөөнөттүү бакча ачылды

Кара-Суу шаарында кыска мөөнөттүү бакча ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объект Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору жана шаардык бюджеттен каржыланды. Аталган долбоордун алкагында Кара-Суу району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 37 бала бакча уюштурулат.… Кененирээк…

Кыргызстандагы үч округ боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Кыргызстандагы үч округ боюнча парламент депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.   Борбордук шайлоо комиссиясынан такташкандай, жалпысынан 44 жаран арыз берди. №29 Свердлов округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 2 аял, №5 Ноокат округу боюнча 12 талапкер, анын ичинен 1 аял жана №36 Ысык-Көл округу боюнча 20… Кененирээк…