Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр

Бишкек ЖЭБи ысык суу берүүгө даяр. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, ордо калаанын Жылуулук электр борбору белгиленген мөөнөттө калкты ысык суу менен камсыз кылат.   Эске салсак, Бишкекте ысык суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Бул учурда шаардагы суу түтүктөрүн жана жылытуучу казандарды оңдоо жумуштары жасалды.

Ош облусунда үч заманбап мектеп ачылды

Ош облусунда үч заманбап мектеп ачылды. Novosti.kgге президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, мектептер Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда пайдаланууга берилди.   Эске салсак, өкмөт буга чейин 2024-жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын билдирген.

Өзбекстандын аймагында эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктары табылды

Археологдор Өзбекстандын аймагында эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын табышты. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.   Экспедиция кытайлык адистер менен чогуу уюштурулган. Анын алкагында өзбек-кытай археологдору Узун районунун аймагынан төрт миң жылдык бейиттерди жана эки миң жыл мурдагы шаардын калдыктарын табышканы маалымдалды.   Казуу… Кененирээк…

Ош облусундагы Жаңы-Барак айылында 98 үйдүн пайдубалы түптөлдү

Ош облусундагы Жаңы-Барак айылында 98 үйдүн пайдубалы түптөлдү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жалпысынан 101 турак жай курулат жана калганы 16-июнга чейин бүтөт.   Эске салсак, Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүрүлгөн кыргызстандыктар үчүн Кара-Суу районунда Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда башталган. Ага президент Садыр Жапаров катышкан.

Кыргызстанда курулушу токтоп турган мектептердин 80%ы бүткөрүлдү

Кыргызстанда курулушу токтоп турган мектептердин 80%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал белгилегендей, соңку үч жылда 214 жаңы мектеп салынды.   Эске салсак, буга чейин өкмөт 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын кабарлаган.