Кыргызстанда 77 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тарифти пайдаланат

Кыргызстанда 77 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тарифти пайдаланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Ведомство айрым аз камсыздалгандар ижарага алынган батирлерде, эс алуу конуштарында же өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеңилдетилген тарифтен пайдаланбай жатканын белгиледи. Социалдык жардамдын… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда.   Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, үч айдын ичинде бул жерде бир катар иштер аткарылды. Тактап айтканда, эскирген жабдуулар демонтаждалып, монтаждоо иштери башталды.   Мекеме энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка… Кененирээк…

Кытайда эркек ооруканага келип, дарыгерлерди аракети менен таң калтырды

Кытайда эркек ооруканага келип, дарыгерлерди аракети менен таң калтырды.  78 жаштагы бейтаптын айтымында, ал 1972-жылы клиникада дарылануудан өтүп,  100 юань карыз болуп калган.   Эми ал бересесин берүүгө өзү келди. Кызыгы, эркек 52 жылдан берки пайыздарды дагы кошуп, 100 юандын ордуна бир нече миң юань… Кененирээк…

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин аяктайт

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Айтматов проспектисинин Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Долбоордун мөөнөтү 1-июлга чейин деп белгиленген. Ал эми аткаруучу компания 15-июнга чейин калыбына келтирүү иштерин аяктоого ишендирди. Белгилеп кетсек, Ахунбаев көчөсүндө… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Үч-Коргон суу сактагычы пайда болот

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Үч-Коргон суу сактагычы пайда болот. Курулушка капсула салуу аземине Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.   Объектти куруу аймактагы сугат жерлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада Тоӊ районундагы Төрт-Күл, Күн-Чыгыш, Болот Мамбетов жана… Кененирээк…

Кадамжай районунда жаңы ирригациялык каналдын курулушу аяктады

Кадамжай районунда жаңы ирригациялык каналдын курулушу аяктады. Эми Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Жошук, Таш-Дөбө, Чекелик жана Көк-Таш айылдары сугат суусу менен камсыздалды.   Белгилеп кетсек, каналдын курулушуна республикалык бюджеттен 183 миллион сом бөлүнгөн. Иштердин жүрүшүндө  4,5 чакырым түтүк орнотулуп, жыйынтыгында 900 гектар жер өздөштүрүлөт.

Instagram социалдык тармагында 3-5 секунддук жарнама роликтери пайда болот

Instagram социалдык тармагында 3-5 секунддук жарнама роликтери пайда болот.   Аларды колдонуучулар кое бере албайт жана сөзсүз көрүшү керек болот. Учурда жаңычылдык тестирлөөдөн өтүп жатат. Ал ишке киргенден кийин лентаны көрүүнүн алдында жарнамалык роликтерди дагы көрүү зарыл.

Каракол шаарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өтсө болот

Каракол шаарынын тургундары акысыз медициналык кароодон өтсө болот.   Калаанын борбордук аянтында көчмө медициналык клиника иштеп баштады. Мэриядан билдиришкендей, медициналык консультация жана текшерүү акысыз жүрөт.   Шаар тургундары 5-6-июнда эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин келсе болот. Көчмө клиникада терапевт, гинеколог, лаборант кабыл алып,… Кененирээк…

Бишкек мэриясынан эмне себептен ордо калаада интернет-провайдерлердин кабелдери кесилип жатканын түшүндүрүп беришти

Бишкек мэриясынан эмне себептен ордо калаада интернет-провайдерлердин кабелдери кесилип жатканын түшүндүрүп беришти.   Шаар бийлиги бардык аба оптоволокно линияларын  Бишкек шаардык телефон тармагынын жер алдындагы каналдарына өткөрүү чечимин кабыл алды.   Тиешелүү кызматтар тарабынан интернет-провайдер компанияларына аба линияларын демонтаждоо тууралуу билдирүүлөр эртелеп жөнөтүлгөн. Эске салсак,… Кененирээк…