Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү арызын колдоду

Жогорку Кеңеш 5-июндагы жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүү боюнча арызын канааттандырды. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.   54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары… Кененирээк…

Президент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевди сунуштады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурордун кызмат ордуна Максат Асаналиевди көрсөтүп, анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Ал мындан тышкары Максат Асаналиевдин талапкерлиги боюнча Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жиберген документтин социалдык тармактарга чыгып кетиши… Кененирээк…

Өлкө аймагында туристтик мезгилге байланыштуу жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда

Өлкө аймагында туристтик мезгилге байланыштуу жол эрежелерин эскерткен баннерлер орнотулууда. Анда айдоочуларды ылдамдыкты ашырбай айдоо, ичип алып унаа башкарууга жол бербөө, өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу сыяктуу чакырыктар бар.   Жалпысынан 90 баннер, 66 LED экран орнотулганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. Көпчүлүгү атайын… Кененирээк…

Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек мэриясы эскертет

Ичүүчү сууну сугат иштерине колдонууга тыюу салына турганын Бишкек мэриясы эскертет. Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле, таза суу менен короо-жайды, килемдерди, унааны жана башка техниканы жууганга болбойт.   Суу ченеген прибор болгон учурда гана түнкү саат 12ден таңкы 5ке чейин анча чоң эмес огородду сугарууга уруксат… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эми Тайланд жана Шри-Ланкага визаны онлайн алса болот

Кыргызстандыктар эми Тайланд жана Шри-Ланкага визаны онлайн алса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле Пакистан бийлиги дагы Кыргызстанды визаны онлайн каттоого уруксат берген тизмеге кошту.   Мындай шарттар кыргызстандыктарга аталган өлкөлөргө баруу үчүн виза алууга элчиликтерге барбай коюуга шарт түзөт.

Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан такташкандай, 5 миңден ашык керектөөчүнүн карызы бар.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Эл аралык валюта рыногунан дээрлик 17 миллион доллар сатып алынды. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жарыяланды.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери бул сегизинчи интервенция. Андан бери Улуттук банк 161 миллион доллар сатып алган.