Бишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тилкат менен эркиндикке чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-мэр Максат Сазыкуловду эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен эркиндикке чыгарды. Мындай чечим Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 30-майда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат Максат Сазыкуловду “кызмат абалынан кыянаттык менен… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн айрым борбордук көчөлөр унаа кыймылына чектелет

Бишкекте бүгүн айрым борбордук көчөлөр унаа кыймылына чектелет. Бул Кыргызстан – Малайзия футбол курамаларынын беттешине байланыштуу экенин Кайгуул милиция кызматынан билдиришти.   Бүгүн күндүзгү саат 2де Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеси жана Фрунзенин Исанов – Панфилов бөлүгү жабык болот.   Тыгындарды… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүгүн, 6-июнда башталат

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу бүгүн, 6-июнда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Белгилеп кетсек, темир жол биздин өлкө аркылуу Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал Абад каттамы менен өтөт. Темир жол курулса Кытай менен Борбор Азияны… Кененирээк…

Нарын мамлекеттик университети дагы медицина кызматкерлерин даярдай баштайт

Нарын мамлекеттик университети дагы медицина кызматкерлерин даярдай баштайт. Сатыбалды Нааматов атындагы жогорку окуу жайда дарылоо иши факультети ачылды.   Маалым болгондой, бул факультетте болочок дарыгерлер алты жыл акы төлөп окуйт. Бюджеттик орундар да каралат. Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл 20-июнда башталат.

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын фасаддары боелууда

Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын фасаддары боелууда. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Иштерди муниципалдык турак-жай – коммуналдык ишкана жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө 15 объекттин сырткы көрүнүшү жаңыртылды. Бул максатта  2 миллион 800 миң сом жумшалды. Каражаттын жарымын жергиликтүү тургундар… Кененирээк…

Ысык-Көлгө бара жаткан жолдун боюндагы башаламан базар жок кылынат

Ысык-Көлгө бара жаткан жолдун боюндагы башаламан базар жок кылынат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы мыйзамсыз объектилерди алып жатат.   Учурга карата 50 объект алынды, көбүн ээлери өздөрү алууда. Ведомство мыйзамсыз тургузулган соода күркөлөрү жана тамактануу… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 10 миллиард куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 10 миллиард куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясынын басма-сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 619 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 376 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып келет.

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппени ири иш-чара менен тартуулайт

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппени ири иш-чара менен тартуулайт. Презентация 15-16-июлда өтүшү мүмкүн. Так датасы Франция курамасынын Европа чемпионатында ойногонуна көз каранды болот.   Күтүлгөндөй, жылдыздуу оюнчунун тартуулоо иш-чарасына 80 миңден ашык көрүүчү чогулат, андыктан, чоң шоу даярдалууда.

Бишкек мэриясы Кытайдан 350 даана атайын техника сатып алат

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 750 окуучуга чакталган объект Түп айылында жайгашат.   Долбоордун сметалык баасы 455 миллион сомдон ашат. Мектепте окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, акты залы жана музыка кабинеттери каралат.