Каракол шаарында “Арбат” пайда болот

Каракол шаарында “Арбат” пайда болот.   Калаа мэриясынан билдиришкендей, Дербишев көчөсүнүн бир тилкеси жөө жүрүүчүлөр үчүн гана ылайыкташат. Кеп, анын Токтогул – Тыныстанов бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Бул жердеги объектилер бирдиктүү стилде жасалып, көчө жарыгы, отургучтар орнотулуп, шаар тургундарынын сейилдөөсү үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Кыргызстандын 5 аймагындагы бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды

Кыргызстандын 5 аймагындагы бир катар айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга Мамлекеттик кадрлар кызматы чыгарды.   Айылдар Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашат. Жалпысынан 9 калк жашаган түйүндүн аталышы өзгөртүлөт. Демилге улуттук идеологияны бекемдөөгө жана айылдарга буга чейинки белгилүү аталыштарды… Кененирээк…

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык керектелет

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 4 миллиард доллардан ашык керектелет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, курулуш иштерине даярдык көрүүгө эле 44 миллиард сом керектелип, ал эки этапта жүрөт.   Эске салсак, “Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган.… Кененирээк…

Бишкекте спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча мелдештер өттү

Бишкектеги Ынтымак сейил багында биринчи жолу балдар жана жаштар арасында экстремалдык спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага BMX, скейтбординг жана кикскутер менен машыккан 50гө жакын жаш спортчулар катышты.   Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.   Белгиленгендей, спорттун бул түрлөрү… Кененирээк…

Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда

Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аталган агенттик менен “Манас” эл аралык аэропортунун өкүлдөрү баштаган делегация Малайзияда иш сапары менен жүрөт. Анын алкагында алардын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл… Кененирээк…

Эд Ширан 10 жыл мурун уюлдук телефондон баш тарткан

Ырчы Эд Ширан 10 жыл мурун уюлдук телефондон баш тарткан. Ал байланыш үчүн электрондук почтаны колдонот. Каттарды окууга болсо күнүнө бир сааттан ашык эмес убактысын жумшайт.   Ширан атактуу болгондо анын контактында 10 миң номер бар экени белгилүү болгон. Бир жолу артист Джейк Шейндин подкастын… Кененирээк…

УКМК Лейлекте жашыруун диний билим берген мекеме аныкталганын билдирди

Лейлек районундагы жашыруун диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.   УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан диний объекттердин ишине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Раззаков шаарындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Баткен облусундагы «Ан-Нисаа» диний… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы жумада 320дай мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда акыркы жумада 320дай мас айдоочу аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2-июндан 9-июнга чейин 22 миң 226 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.   Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 мин 700дөн ашык унаа айып короо жайына токтотулду.

Эл аралык каржы корпорациясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууну пландоодо

Эл аралык каржы корпорациясы Кыргызстанда күн электр станцияларын курууну пландоодо. Тиешелүү келишим Австриянын Вена шаарында өтүп жаткан Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында түзүлгөнү өкмөттөн маалым болду.   Жаңы электр станцияларды Баткен жана Талас облустарында жайгаштыруу каралууда.

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбой

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.