Салык кызматы соодагерлерди текшерүүгө мораторийди узартты

Мамлекеттик салык кызматы министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторийди узартты.   2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган.   Мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга… Кененирээк…

Сингапурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына мышык багууга уруксат берилет

Сингапурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына мышык багууга уруксат берилет. Жаныбарларды батирлерде кармоого 35 жыл бою тыюу салынып келген. Муну мышыктар коңшуларга ыңгайсыздык жаратуучу үндөрдү чыгарышы менен түшүндүрүшкөн.   Учурда батирде мышык баккандар 3 миң доллар айып төлөйт. Бирок сентябрдан баштап эрежелер өзгөрөт.   Мышык алгысы… Кененирээк…

Быйыл “Алтын Балалык” борборунда бир жарым миңден ашык бала эс алат

Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” борборунда Кыргызстандын аймактарынан бир жарым миңден ашык бала эс алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Учурда 800 окуучудан турган биринчи партия кетти, алар борбордо 24-июнга чейин болушат.   Эс алуучулар жатакана жана тамак-аш менен камсыз кылынат. Ошондой эле… Кененирээк…

Бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Кыргызстанда 25-июндан тарта бардык уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, мындай чаралар министрлер кабинети тарабынан 2022-жылы бекитилген тартипке ылайык көрүлүп жатат.   Жергиликтүү байланыш операторлорунун сим-карталары менен активдештирилген телефондор Мамлекеттик идентификациялоо системасында катталган. Бирок өлкө ичинде мобилдик аппараттарды алып келип саткандар… Кененирээк…

Нарында электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет

Нарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, долбоорду кытайлык компания ишке ашырат. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө 20-июнга чейин техникалардын сырьесу Кытайдан алынып келинери, уюштуруу иштери жүргүзүлөрү жана июндун аягы менен заводду ишке киргизүү… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң көп турист барган мамлекеттер аталды

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү эң көп турист барган мамлекеттер аталды. Рейтинг Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм тарабынан түзүлгөн.   Тизмеде биринчи орунду Франция алды. Жыл ичинде ага 100 миллионго жакын чет элдик келген. Экинчи орунда 85 миллион менен Испания турат. Алдыңкы үчтүктү АКШ толуктайт, былтыр… Кененирээк…

Парламент Жылдыз Полотованы министр кызматына талапкерлигин жактырды

Парламент Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды. Ал төрт жылдан бери аталган министрликте орун басар болуп иштеп келаткан.   Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

Жыл башынан бери 400 миңге жакын көчөт отургузулду

Кыргызстанда жаз айларында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу боюнча 32 иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул иштердин жүрүшүндө 359 миң 803 даана бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Жылдын 6-июнуна карата республика боюнча мамлекеттик токой фондусунун аймагына токой чарбалардын күчү менен… Кененирээк…

Кыргызстанда беш айда 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалды

2024-жылдын январь-май айларында 30 миң 326 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты.   Маалыматка ылайык, анын ичинде май айында 5 миң 114 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 284 пенсионерге кошумча берилген документтерге… Кененирээк…