Парламент Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду

Парламент Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдоду.   Документке 63 депутат “макул”, үч депутат “каршы” добуш берди. Ага ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер берилет. Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек.   Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет… Кененирээк…

Репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам экинчи окуудан өттү

Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.   Эске салсак, 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам… Кененирээк…

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Талайбек Байгазиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.   Байгазиев буга чейин энергетика министринин орун басары болгон. Ал мэрияга Бишкек Жылуулук электр борбору менен «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы муниципалитеттин балансына өткөндүгүнө байланыштуу которулган.   Талайбек Байгазиев вице-мэрлик кызмат менен бирге мэриянын алдында жаңыдан түзүлгөн… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жаңы жетекчи дайындалды

Жылдыз Полотова мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бишкектин конуштары жарыктандырылууда

Бишкектин конуштары жарыктандырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун 16-көчөсүндө 400 метр кабель тартылып, 50 Вт 12 чырак орнотулду. Ак-Өргө конушундагы Кербез көчөсүндөгү 1390 метр узундуктагы 100 Вт кубаттуулугундагы 38 лампа орнотулуп, узундугу 1390 метр өзүн-өзү изоляциялаган зым тартылды. Ошондой эле аталган… Кененирээк…