Ала-Букада курулушу 7 жыл мурун башталган оорукана ачылат

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ак-Коргон айылында жаңы оорукананын курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 15 орунга ылайыкташтырылган оорукана бюджеттин эсебинен Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулду. Анын курулуш иштери 2017-жылы башталган жана эки кабаттуу, жалпы… Кененирээк…

Ала-Бука районундагы Ажек айылында жаңы мектеп ачылды

Ала-Бука районундагы Ажек айылында жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.   Маалыматка ылайык, мектеп 225 орундуу. Анын курулушуна 67 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына жаңы машыктыруучу дайындалды

Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.   Ал Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт.   Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурун баштаган.… Кененирээк…

Кыргызстанга туристтердин негизги агымы 20-июндан кийин күтүлүүдө

Кыргызстанга туристтердин негизги агымы 20-июндан кийин күтүлүүдө. Учурда Ички иштер министрлигинин бардык түзүмдөрү конокторду кабыл алууга даяр.   Беш миңден ашык кызматкер эс алуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкө боюнча 4 миңден ашык камера күнү-түнү иштейт.   Мындан тышкары, Бостери айылындагы пляжда, ошондой эле Балыкчы шаарында “Милиция… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогулдагы суунун көлөмү көбөйүүдө. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, 14-июнга карата аталган суу сактагычта суунун көлөмү 10 млрд 289 млн куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 1 миң 22 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 433 куб метрди түзүүдө.   Буга карабай энергетиктер калкты электр… Кененирээк…

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, бул жолу доллар сатты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыгып, бул жолу доллар сатты.   Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, валюта рыногуна 6 млн 650 миң АКШ доллары сатылды. Муну менен банк март айынан бери базарга биринчи жолу доллар сатып жатат.   Жаңы жылдан бери өлкөнүн башкы каржы мекемеси базардан тогуз… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кечээ 23:25те жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда, Бостери айылынан түндүк-батышка карай 32 чакырым, Чолпон-Ата шаарынан түндүккө карай 33 чакырым жана Казакстандын Алмата шаарынан түштүк-чыгышка карай 45 чакырым аралыкта… Кененирээк…

Штефан Таркович Кыргызстандын футбол курамасынын машыктыруучусу кызматынан кетет

Кыргыз футбол биримдиги Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы толук курамы менен кызматтан кете турганын билдирди.   Маалыматта Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Штефан Таркович менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаган соң кызматташууну токтотуу чечими кабыл алынганы айтылат.… Кененирээк…

Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалды

Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору кызматына дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор кол койду.   Ал эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасынан баштап, Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында түрдүү кызматтарда иштеп келип, Чүй облусунун Токмок шаарынын, Ысык-Ата районунун жана Баткен… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд менен жетип алса болот

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыга поезд менен жетип алса болот. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдиргендей, поезд бир ай бою – жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрсө, 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.   Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана VIP-вагондор жеткиликтүү.   Поезд Бишкектен таңкы саат… Кененирээк…