Кыргызстан дүйнөдөгү суук 10 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү суук 10 өлкөнүн катарына кирип, рейтингде тогузунчу орунду ээледи. Республика боюнча орточо жылдык температура 3,9 градусту түздү.   Бул маалымат Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы орточо температурага негизделген отчетунан алынды. Ага ылайык, Африкадагы Буркина-Фасо эң ысык өлкө катары таанылган, анда орточо жылдык температура 29 °Cден… Кененирээк…

Жашыл аймактарга унаа токтоткондор үчүн айып пулдар каралган

Жашыл аймактарга унаа токтоткондор үчүн айып пулдар каралган. Мэрия эске салгандай, кеп газон өңдүү жайлар тууралуу болуп жатат.   Ага ылайык, жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып салынат.   Мындай тартип бузуучуларга каршы күрөш күн сайын жүргүзүлүүдө.

Аз камсыз балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга каржылоо көбөйтүлдү

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энеси жок жана турмуштук оор кырдаалда калган балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга каржылоонун көлөмү көбөйтүлдү.   Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, бул максаттарга 15 миллион сом бөлүнөт.   Белгиленгендей, сумма мурдагыдан үч эсе көп. Балдар жыл сайын “Алтын-Балалык” борборунда… Кененирээк…

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ишке жалпы 150 адам, 12 инженердик техника тартылган. Ал эми эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.   Эске салсак, кечээ кечки саат 17:30дар чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Эски Кочкор-Ата… Кененирээк…

Кыргызстан жыл башынан бери канча алтын экспорттогону айтылды

Кыргызстан ушул жылдын январь-апрель айларында 212 млн доллардан ашык акчага 3 миң 100 килограммдан көп алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.   Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 1 миң 400 килограммдан ашык алтын экспорттолгон.   Бул аралыкта алтын Гонконг, Швейцария, Улуу… Кененирээк…

Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады

Улуттук Банк 100 миң сомго чейинки насыяны жубайынын макулдугусуз алууга уруксат берүүнү сунуштады. Документ башкы банктын сайтына жайгаштырылган.  Буга чейин 50 миң сомдон ашык насыя алганда аялынын/күйөөсүнүн макулдугу талап кылынчу.   Учурда бул суммага чейинки насыялар күрөөсүз берилгендиктен сумманы 100 миң сомго чейин чыгаруу максатталууда.  … Кененирээк…

Ош шаарынын аэропорту алдыңкы 5 жылда көчүрүлбөйт

Ош шаарынын аэропорту алдыңкы 5 жылда көчүрүлбөйт. Бул тууралуу парламент отурумунда Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди.   Анын айтымында, өлкө башчы администрациясы менен биргеликте аба майданды 5 жыл ичинде көчүрбөй туруу чечими кабыл алынды.   Эске салсак, өткөн жылдын май айында президент… Кененирээк…

Ноокен районунда сел жүрүп, 300 үй-бүлө коопсуз жерге эвакуацияланды

Ноокен районунда сел жүрүп, 300 үй-бүлө коопсуз жерге эвакуацияланды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Кечээ, 17-июнда, Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында сел жүргөн.   Эки айылда 2 миң 643 үйдү суу каптап, 10 жашар баланы сел агызып кеткени… Кененирээк…

Түндө Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында бүгүн, 18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай… Кененирээк…

Өлкөдө 1 миң бала Ысык-Көл жээгинде эс алууга жөнөтүлөт

Өлкөдө 1 миң бала Ысык-Көл жээгинде эс алууга жөнөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алар аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар.   Биринчи агым менен Баткен, Талас, Ош облусунан бөбөктөр Ысык-Көлгө кечээ жөнөп кетти, алар “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.