Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаардар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.   Ага ылайык, 18-19-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.   Табигый кырсыктын алдын алуу үчүн  арыктарды тазалоо сунушталат.

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында дамба бекемделди

Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында дамба бекемделди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эми объект 78 миллион кубометрге чейин суу чогулта алат.   Бул буга чейинки көлөмгө салыштырмалуу 5 миллионго көп. Дамбаны бекемдөөгө каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Бул максатта 12 миллион сом жумшалды. Ведомстводон белгилешкендей, суу сактагычтын… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун энерго объектилери жайкы сезондогу ашыра жүк келүү мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даяр

Ысык-Көл облусунун энерго объектилери жайкы сезондогу ашыра жүк келүү мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даяр.   Улуттук электр станциялары компаниясынан билдиришкендей, адистер 17 жогорку чыңалуудагы подстанцияны жана 66 трансформаторду модернизациялады. Андан тышкары, жыгач мамылар темир-бетондук тирөөчтөргө алмаштырылды.   Энергетиктер дагы атайын окутуулардан өтүп, авариялык бригадаладрдын нөөмөтү уюштурулду.

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды. Мэриядан билдиришкендей, анын Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат.   Аткаруучу компания курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөн 10 күнгө эрте аяктады. Белгилеп кетсек, эми капиталдык ремонт Манас поспектисинде, Абдрахманов, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев көчөлөрүндө… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты

Токтогулдагы суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты.   Мындай маалымат “Электр станциялары” ишканасынын сайтына жарыяланды. Суунун агып кириши секундасына 1 миң куб метрден ашса, агып чыгуусу дээрлик 2,5 эсе аз болгон.   Эскерте кетсек, өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгүн аталган ГЭС иштеп чыгат.… Кененирээк…

Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстандан чет өлкөгө которулган акчанын көлөмү азайды. Ушул жылдын январь-апрель аралыгында өлкөдөн чет мамлекеттерге 173 миллион доллар которулду. Улуттук банктын маалыматына ылайык, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 31 миллион долларга аз.   Кеп жеке жактардын транзакциялары тууралуу болууда.   Мурдагыдай эле Кыргызстанга сырттан жөнөтүлгөн акчанын… Кененирээк…

Жалал-Абадда сел жүрүп, жаш баланын өмүрү кыйылды

Жалал-Абадда сел жүрүп, жаш баланын өмүрү кыйылды.   “Азаттыкка” жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, кечээ Кочкор-Атада нөшөрлөгөн жаандан кийин Эски Кочкор-Ата, Бостон айылдарында кокту-колоттон суу агып, сел жүрдү.   10 жаштагы өспүрүм селге агып кеткени маалымдалды. Жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана Жарандык… Кененирээк…