Ноокенде сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү

Ноокен районунда сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын жарымы тазаланды.   Эски-Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен… Кененирээк…

АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды

АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды. Буга артисттин мас абалында унаа айдаганы себеп болгон.   18-июнга караган түнү Тимберлейк токтотуу белгисине токтой албай, унаасын өз тилкесинде башкара алган эмес. Муну милиция кызматкери байкап калып, машинени токтотуп, ырчыны камакка алган.   Ал түндүн… Кененирээк…

Таласта стадионду реконструкциялоо 4 млн сомго негизсиз жогорулатылган

Таластагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулатуу фактысы боюнча «ТЗХ» муниципалдык ишканасынын директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Атайын кызмат Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан Э.Кутманалиев атындагы стадионду капиталдык ремонттон… Кененирээк…

Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды

Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.   Маалыматка ылайык, акция 1-июлдан 31-августка чейин жүрөт. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат.   Мамлекет башчы паспорт, ID карт жана башка документтердин… Кененирээк…

Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда

Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалым болгондой, бул үчүн мэрия Чет-Булак аймагындагы Курманжан-Датка көчөсүнөн 1 гектар жер ажыраткан.   Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 42 млн сом бөлүнгөн.   Бүгүнкү күндө автобекеттин… Кененирээк…

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания июлдан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.   Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки… Кененирээк…

Панфилов районунунда 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ага республикалык бюджеттен дээрлик 50 млн сом каралган.   Белгиленгендей, бул айылдагы эски мектеп авариялык абалга келген. Анда 85 окуучу билим алат.

ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот

ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, ал борбордо Бишкек мамлекеттик университетинде, ошондой эле Ош шаарында ОшМУнун имаратында уюштурулат.   Каттоо саат 13.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.   Эске салсак, ЖРТга кеч тест 21-23-июнга чейин Бишкек… Кененирээк…

Өзгөндө жаңы мектеп курулат

Өзгөндө жаңы мектеп курулат. Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарыялады.   500 орундуу имарат Раззаков көчөсүндө пайда болот. Курулушка 300 миллион сомдон ашык каражат жумшоо пландаштырылган.

Бишкекте жаңы жол пайда болот

Бишкекте жаңы жол пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, ал Достоевский жана Ауэзов көчөлөрүн бириктирет.   Жаңы трассаны куруу долбоору борбордун башкы архитекторуна тапшырылды.