Бүгүн Ысык-Көлдө жер титиреди

Бүгүн Ысык-Көлдө жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 08:13тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогундагы магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан 32 чакырым, Каракол шаарынан 103 чакырым аралыкта катталган. Эл жашаган… Кененирээк…

Сокулукта 50дөй үй-бүлө чакан ишкана ачууга мүмкүнчүлүк алды

Сокулук районунда 50дөй үй-бүлө мамлекет менен «Социалдык келишим» түзүп, кичи ишкана ачууга 100 миң сомдук сертификаттарды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, республика боюнча жалпысынан 2 миң 575 жакыр жана аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекет менен «Социалдык келишимге» кол… Кененирээк…

Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабынын бир бөлүгү жабылат

23-июндан тарта Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери башталат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, жумуштар бир нече этап менен жүрөт. Ага ылайык аталган көчөнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түштүк тарабы жабылат.   Белгилеп кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк… Кененирээк…

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 2 МВтты түзөт.   Бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экени айтылды.   Белгиленгендей, жакынкы жылдарда өлкөдө ондогон ГЭСтер,… Кененирээк…

Түп районунда 220 орундуу маданият үйү курулууда

Түп районунун Талды-Суу айылында 220 орундуу маданият үйүнүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объектти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.   Белгиленгендей, курулуш иштери республикалык бюджеттен 2019-жылы башталган.

Баткенде вакуумдук муздаткычы бар муниципалдык кампа курулууда

Баткен районунун Дара айыл аймагында вакуумдук муздаткычы бар муниципалдык кампа курулууда.   500 тоннага эсептелген логистикалык борбордун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү программасынын алкагында республикалык бюджеттен 7 млн сом каралган. Өнөктөш катары KOIKA уюму 10 млн сом салым кошкон. Ал эми жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом… Кененирээк…

Бишкекте аптаптуу ысык болот

Бишкекте ушул айдагы ысыктын эң жогорку чеги келерки жуманын аягында күтүлүүдө.   Синоптиктердин маалыматына караганда, 25-июндан баштап термометрлер күндүз 36 градустан төмөн түшпөйт. 29-30-июнда түнкүсүн +27, күндүз 40 градус ысык болушу күтүлөт.   Эске салсак, Бишкек шаарында жайдын биринчи айынын эң ысык күнү 2005-жылдын 23-июнунда… Кененирээк…

Кыргызстанда 7,6 миңден ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 7 миң 600дөн ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыянын жалпы суммасы 3 млрд 35 млн сомду түздү.   Каражат эки категория – өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы… Кененирээк…

Мэрия калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо

Бишкек мэриясы калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, мындай иш-чаралар бардык жаңы конуштарда сууну сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн зарыл.   Ошондой эле мэр “Орто-Алыш”  жер астындагы суу алгычында суунун тартыштыгын болтурбоо максатында изилдөө иштери… Кененирээк…

Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех курулууда

Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Ишкана пайдаланууга берилсе күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.   Курулушка Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22… Кененирээк…