Бишкектин 6 миңден ашык абоненти карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн

Бишкектин 6 миңден ашык абоненти карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн. Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүү эртеңден тарта жүргүзүлөт.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга бересесин тез арада төлөө сунушталат. Муну терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзсө болот.

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат

Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат.   Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бала бакчанын курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.   Имарат эки кабаттуу, спорттук оюн аянтчасы, суу кампасы, откана көмүр сактоочу жайы менен каралган.… Кененирээк…

Түндүк — Түштүк альтернативалык унаа жолунда кыймыл чектелди

Түндүк — Түштүк альтернативалык унаа жолунда кыймыл чектелди. Жеринде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.   Кечээ трассанын  Арал-Казарман тилкесине тиешелүү 250-255-чакырымында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдер катышкан кырсыктар көп катталууда.   Суу транспорту көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизет.   Мыйзам долбооруна ылайык, гидроциклдерди колдонгону үчүн жеке жактарга 5 миң сом,… Кененирээк…

30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды

30-июнда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өтүүчү аймактардагы шайлоочулардын саны толугу менен такталды. Тизме Санарип министрлиги тарабынан түзүлгөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.   Шайлоочулардын тизмеси эртең үч аймактагы 175 шайлоо тилкелеринде илинет. Жарандар “Тизме” порталында өздөрүнүн аты-жөнүн тактап алса болот.   Эске салсак, 30-июнда бир мандаттуу… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ берүү убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу борбор шаардын төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:   24-28-июнда — Масалиев көчөсү, Токтоналиев көчөсү, Ахунбаев көчөсү, Шералиев… Кененирээк…

Кыргызстандан рекорддук көлөмдө көркөм өнөр буюмдары экспорттолду

Былтыр Кыргызстандан 695 миң 712 долларлык искусство (живопись, скульптура жана графиканы бириктирген пластикалык өнөрлөрдүн бөлүмү) чыгармалары, антиквариат жана коллекциялык буюмдар экспорттолду. Бул 2018-жылдан бери баалуу буюмдарды экспорттоодогу эң чоң сумма. Искусство буюмдарын жөнөтүү өлкөнүн жалпы экспорттук түзүмүнүн бир аз үлүшүн түзөт. Антсе да, бул буюмдар чет… Кененирээк…

Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленди

Бишкек шаарында 10-эл аралык йога күнүнө карата масштабдуу иш-чара өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, майрам Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеядагы массалык йога машыгуусу жана маданий программа менен коштолду.   Анын алкагында шаардыктар жана борбордун меймандары байыркы физикалык жана рухий практикага кошулушту. Алар тажрыйбалуу инструкторлордун жетекчилиги астында йога… Кененирээк…

Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт

Сентябрдан тарта Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөт. Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдиргендей, медайымдардын маянасы 20%, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10% жогорулайт.   Белгиленгендей, учурда бул маселе боюнча президенттин жарлыгы даярдалып жатат.   Исмаилов кошумчалагандай, 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң… Кененирээк…

Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат

Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, имарат 275 орунга чакталган.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.   Курулушу республикалык бюджеттен каржыланган объект ушул жылы пайдаланууга берилет.