Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуга 700дөн ашык адам тартылды

Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуга 700дөн ашык адам тартылды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, кечээ катуу жамгырдан улам Баткенде сел жүргөн.   Натыйжада 1 миңдей тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Суу 50гө чукул турак жайды, социалдык объект, инфраструктураларды каптап зыянга учураткан. Жеринде тазалоо иштери… Кененирээк…

Микрокредиттерди көбүнчө Бишкек шаарынын жана Ош облусунун тургундары алышат

Кыргызстанда микрокредиттерди көбүнчө Бишкек шаарынын жана Ош облусунун тургундары алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Жалпысынан биринчи кварталда Кыргызстандын жарандары 13,5 миллиард сом микрокредит алышкан. Насыя негизинен керектөө жана айыл чарбасына жумшалары белгиленген.

Жалал-Абад облусунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Сузак районундагы Багыш айылында жайгашат.   Эки кабаттуу имарат заманбап болот. Анын жалпы аянты 1 миң 730 чарчы метрден ашат.

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору

Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.

Кадамжайда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Баткен облусунун Кадамжай районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Табигый кырсыктан 5 жаштагы бала каза таап, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды. Мындан тышкары, 1… Кененирээк…

Райымбек Матраимов 26-августка чейин камакта калды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-июнда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.   Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын… Кененирээк…

Баткенде диний-экстремисттик кыймылдын лидери жана мүчөлөрү кармалды

Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө экстремисттик… Кененирээк…

Таласта мөндүр 50 гектарга жакын эгинди жараксыз кылды

Таласта мөндүр 50 гектарга жакын эгинди жараксыз кылды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 24-июнда Бакай-Ата районунда мөндүр аралаш жамгыр жааган. Анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында айыл чарба талаалары зыян тарткан. Ошондой эле Боо-Терек айылында катуу шамал болжол менен 15… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат

Кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга барбай туруу сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Мекемеден белгилешкендей, мунун себеби израил-ливан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу.   Ошондой эле ведомство Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсүн белгилейт.

Баткенде 5 жаштагы бала селге агып каза болду

Баткенде 5 жаштагы бала селге агып каза болду. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 70 жаштагы дагы бир тургун ооруканага жаткырылды.   Кечээ Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Мунун айынан учурда 1 миңден ашуун тургун коопсуз жайга көчүрүлдү.   Табигый… Кененирээк…