Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөдө 12 объект куруп жатат

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөдө 12 объект куруп жатат. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин 10 миңден ашуун батир эксплуатацияга берилет. Ипотекалык батирдин чарчы метри 550-650 доллардын тегерегинде болот.   Бүгүнкү күндө жеңилдетилген шартта үй алуу үчүн 28 миңдей адам кезекте… Кененирээк…

Талас облусундагы Үрмарал дарыясында жаңы көпүрө ачылды

Талас облусундагы Үрмарал дарыясында жаңы көпүрө ачылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, көпүрө эл аралык маанидеги Талас — Тараз — Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында курулду.   Узундугу 90,5 метр, туурасы дээрлик 15 метрди түзгөн көпүрөгө каражатты Япония грант түрүндө берген.   Курулуш Талас облусунун жашоочулары… Кененирээк…

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери жакында башталат

Орто-Токой ГЭСин куруу иштери жакында башталат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү жумуштар бир жума аралыгында ишке аша баштайт.   Эске салсак, Орто-Токой ГЭСин кытайлык компания курат. Долбоор үч жылга эсептелген.   Нарында курула турган гидроэлектростанциянын жалпы кубаттулугу 21 МВтты түзөт.

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, катталбаган апараттар өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.   Мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, алардын уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатын көздөйт.