Айтматов районунда курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат
Айтматов районунун Көк-Сай айылында курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 140 орунга чакталган. Курулуш иштери республикалык казынадан каржыланган объект жакында пайдаланууга берилет.