Бишкекте жол белгилери жаңыланууда

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча жол белгилерин жаңылап баштады. Мунииципалитеттен билдиришкендей, учурда 12 адамдан турган бригада Баялинов жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Эркиндик бульварында эмгектенип жатышат.   Бригада жол белгилеринин мамыларын сырдоону ишке ашырат, ал эми жол белгилери жок же абалы жараксыз… Кененирээк…

Быйыл күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтүшү мүмкүн

Административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.   Ал аталган реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү экенин, натыйжада айыл аймактар 452ден 235ке азая турганын кошумчалады.   Белгилеп кетсек, парламент… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов андан ары Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат. Мунун себеби жолдорду капиталдык оңдоо иштери менен байланыштуу.   Мекеме-уюмдар жана калк… Кененирээк…

Балыкчыда мыйзамсыз мекчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке алынды

Балыкчы шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратураданг билдиришти.   Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилерине карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 5650… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында жаңы парк курулууда

Жалал-Абад шаарында жаңы парк курулууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган парк мурдагы экопарктын ордуна салынып, анын жалпы аянты 8,16 гектарды түзөт. Паркта коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол тенниси, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле, спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) аянтчалары… Кененирээк…

Ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда

Азыркы учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет. Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө чет өлкө валютасына болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсун түзгөн алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режимин карманат.   Улуттук банк ички… Кененирээк…

Кыргызстанда чет өлкөлүк номери менен унаалар текшерилет

Кыргызстанда чет өлкөлүк номери менен унаалар текшерилет.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, акыркы учурда Армения, Абхазия, Россия өңдүү өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп киргизилип, бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлар аныкталган.   Мындай фактыларга жол бербөө… Кененирээк…

Нарын дарыясынын жээгинде аллея курулат

Нарын дарыясынын жээгинде аллея курулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Эс алуу аймагынын узундугу 850 метр, ал эми жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашат.   Бул жерде таман таштар төшөлүп, айланасы тосулуп, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Аллеяын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 18,5 миллион… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга   60 миң сом өлчөмүндө айып салынат.   Ал эми электрондук чылымды саткан жеке жактарга 50 миң… Кененирээк…

17-июнда Калкты тейлөө борборлору иштебейт

17-июнда Калкты тейлөө борборлору иштебейт. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эскертишкендей, дүйшөмбүдө Курман айтка байланыштуу эс алуу жарыяланган.   Жарандар зарыл документтерди алуу же каттоо боюнча иштерин дем алыш күндөрүн эске алуу менен пландашы керек. Калкты тейлөө борборлору 18-июндан тарта кадимки тартипте иштейт.