Чүй облусунун Сокулук районунда үй-булөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда үй-булөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты ачылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, объект Военно-Антоновка айылында жайгашат. Медициналык мекеме Катардын кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 10 миллион сомго курулду.   Андан тышкары, Жалпы дарыгердик практика борборунун бюджетинен 10 миллион сом бөлүндү. Өз кезегинде Военно-Антоновка… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы министрлер кабинетинин чечими менен ордо калаа мэриясына өткөрүлдү

Бишкек ЖЭБи жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы министрлер кабинетинин чечими менен ордо калаа мэриясына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Энергетика тармагында бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында муниципалитеттин структурасында Отун-энергетикалык комплекс департаменти түзүлдү. Ага  Бишкектин жылуулук-газ-энергокамсыздоо тармактарын өнүктүрүүгө байланыштуу фунциялар жүктөлдү.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталат

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал эске салгандай, 6-июнда Пекинде темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча кезектеги макулдашуу кабыл алынып, аны каржылоо маселеси чечилди.   Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт… Кененирээк…

Бир мандаттуу үч округда 300 миңден ашуун шайлоочу бар

Бир мандаттуу үч округдун депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн алдын ала аты-жөнү “Тизме” порталына жайгаштырылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов округдарында жалпысынан 300 миңден ашуун шайлоочу бар.   Ошондой эле тизме бардык шайлоо участкаларына илинген. 19-июнга чейин жарандар маалыматтарын тактап, каталар болсо… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ачылды

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ачылды.   Фонтан реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн соң иштеп баштады. Анда 11 даана жогорку сапаттагы борбордук электр насостору, жарыктардын өңүн кезек-кезеги менен алмаштырып турганга дистанттык башкаруу ситемасы, гранит каптоо орнотулду.

Кувейттеги кырсыкта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок

Кувейтте өрттөн каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, Кувейттин түштүгүндөгү Эль-Ахмади провинциясынын Манкаф шаарында көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 43 адам каза таап, 15 киши жабыркаган.   Кыргызстандын элчилиги Кувейттин компетенттүү органдары менен туруктуу… Кененирээк…

Парламент Кыргызстанда уран жана торий казууга уруксат берди

Парламент Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Министрлер кабинети сунуштаган документке 70 депутат “макул”, сегизи “каршы” добуш берди.   Документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер… Кененирээк…

Кыргызстанда рублдин сомго карата курсу төмөндөөдө

Кыргызстанда рублдин сомго карата курсу төмөндөөдө. Бүгүн коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында аталган валюта 60 тыйындан сатып алынып, 98 тыйындан сатылууда. Улуттук банктын расмий курсу 97 тыйын деп белгиленген.   Соңку күндөрү доллардын да кыргыз сомуна карата курсу түшүп кетти.

Быйыл 30 миң гектар кунарсыз жайыт жакшыртылат

Быйыл Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментине 30 миң гектар кунарсыз жайыт аянтын жакшыртуу тапшырмасы коюлган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн 295 миң 714 кг жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн себүү пландалууда.   Жайыт чөптөрүн сатып алуу… Кененирээк…

Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат

Ош шаарында үй тибиндеги 12 бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, быйылкы жылы дагы кошумча 20 үй тибиндеги бала бакча ачуу максатталган.   Жалпысынан бул программанын алкагында 200гө жакын бала мектепке чейинки билим алууда.