Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду.   Муну менен өлкөдө уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн… Кененирээк…

Кыргызча билбегендер судья боло албайт

Кыргызча билбегендер судья боло албайт. Жогорку Кеңеште “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү колдоо тапты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна “макул” деп добуш берген.   Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, судья болууга каалаган талапкерлер кыргыз тилин милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиши керек.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 10,8 млрд метр куб суу топтолду

Токтогул суу сактагычында 27-июнга карата 10 млрд 826 млн метр куб суу топтолду. Бир ай мурда — 27-май күнү анда 9,5 млрд метр куб суу бар болчу. Былтыр ушул күнү суу сактагычта 10,079 млрд метр куб суу болгон. «Электр станциялары» ишканасы маалымдагандай, бүгүнкү күнү суу… Кененирээк…

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады

Дарыгерлер аптаптуу ысыкта энергия бере турган азыктарды атады. Сунуштарга ылайык, жайкысын кофе-чайдан такыр эле баш тартуу оң. Анткени, алар организмдеги сууну чыгарып салат.   Оор тамактарды жебей, тандоону жеңил, жемиштүү тамак-ашка берүү керек.   Жакшы абалда болуу үчүн көп-көптөн кыймылдап туруу зарыл, өзгөчө кеңседе иштегендерге,… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун Баткен – Боз-Адыр тилкесинде асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.   Учурга карата 3,5 чакырым аралыкка асфальт төшөлдү.  … Кененирээк…

Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат. Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов билдирди.   Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан,… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.   Аталган темир жолдун каттамы Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп,… Кененирээк…

Ош облусунда 81 миллион сомго бала бакча курулат

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.   Тендердин жалпы суммасы 81 миллион 734 миң сомду түзөт. Бул акчага Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы эски мектептин аймагына 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда. Ушул жана… Кененирээк…

ЖК репрессия курмандыктарын актоо долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.   Эске салсак, 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам… Кененирээк…

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, учурга карата 60тан ашык үй сел калдыктарынан тазаланды.   Жеринде 50дөй техника жана 600дөн ашык адам иштеп жатат. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жарандык коргоо кызматтары, айыл өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бар.… Кененирээк…