Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча командасы эл аралык турнирге катышат
Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Польшада өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында болот.