Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 10 миллиард куб метрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү дээрлик 10 миллиард куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясынын басма-сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 619 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 376 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып келет.

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппени ири иш-чара менен тартуулайт

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппени ири иш-чара менен тартуулайт. Презентация 15-16-июлда өтүшү мүмкүн. Так датасы Франция курамасынын Европа чемпионатында ойногонуна көз каранды болот.   Күтүлгөндөй, жылдыздуу оюнчунун тартуулоо иш-чарасына 80 миңден ашык көрүүчү чогулат, андыктан, чоң шоу даярдалууда.

Бишкек мэриясы Кытайдан 350 даана атайын техника сатып алат

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев баштаган делегация Кытайда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мэриянын адистери атайын жабдууларды алуу үчүн заводдорду кыдырып, сапаты кепилдиги бар ишканалар менен келишим түзүшөт. Мындай иш-аракеттер ортомчусуз керектүү жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк берет.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. 750 окуучуга чакталган объект Түп айылында жайгашат.   Долбоордун сметалык баасы 455 миллион сомдон ашат. Мектепте окуу класстарынан тышкары, спорт зал, ашкана, акты залы жана музыка кабинеттери каралат.

Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды

Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Талапкерлигин өлкө башчы сунуштаган Асаналиев Ысык-Көл облусунда туулган, 46 жашта.   Буга чейин Ош облусунун жана Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп эмгектенген.   Ал эми 2020-жылдан берки башкы прокурор Курманкул Зулушев… Кененирээк…

Сауд Аравия Кыргызстанга 25 тонна курма берди

Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.  … Кененирээк…

Чүйдүн Александровка айылында бала бакча курулууда

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында бала бакчанын курулушу уланууда. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, учурда объектте монтаждоо иштери жүрүп жатат.   Мектеп чейинки билим берүү мекемеси 100 орунга ылайыкталган.   Бала бакчанын курулушу быйыл башталып, республикалык бюбжеттин эсебинен каржыланууда.

Норвегияда робот-жардамчы пайда болду

Норвегияда робот-жардамчы пайда болду. Ал үйдөгү күнүмдүк иштердин көбүн жасайт. Алсак, чаңды сүртүп, пол жууп, чачылган нерселерди жыйнай алат.   Бийиктиги дээрлик эки метр, салмагы 86 килограмм болгон акылдуу механизм дөңгөлөктүү платформада жылып, саатына 14 километрге чейин жүрөт.   Робот бардык манипуляцияларды жасалма интеллекттин көзөмөлү… Кененирээк…

Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери 2022-жылдын сентябрында башталып, керектүү тетиктер жана жабдуулар толук жеткирилген. Жумуштарды ушул жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда.   Объект кабыл алынгандан… Кененирээк…

Жалал-Абадда бир катар имараттарды оңдоп-түзөө пландалууда

Жалал-Абадда борбордук аянтты, ошондой эле облустук администрация менен мэриянын имараттарын оңдоп-түзөө пландалууда. Тиешелүү сынак мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Курулуштардын сметалык баасы 900 млн сомду түзөт. Бул жумуштарды келерки жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө.