Ошто мончонун суу казаны жарылып, жети адам жабыркады

Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.   Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, «Тез жардам»… Кененирээк…

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Барскоон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 700 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан алып келинет.   Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат… Кененирээк…

Кыргызстандын велоспорт боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын велоспорт боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 5-12-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт.   Курама командынын тизмеси: Данияр Велямов; Мухеммед Али Маткаримов;; Эрлан Оролов; Алла Вороная; Алиман Чалова. Курама команда улук машыктыруучу Александр Дядичкиндин… Кененирээк…

Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага «макул» деп добуш берди.   Анын талапкерлигин Садыр Жапаров сунуштаган.   Максат Асаналиев ушул кезге чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеп жаткан. Ал эми буга чейинки баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан… Кененирээк…

Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады

Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады. Пробация департаментинин маалыматына караганда, бул система Бишкектин айрым райондорунда да иштеп жатат.   Бүгүнкү күндө билериктер 17 адамга тагылса, мобилдик тиркеме 15 шектүүнүн телефонуна орнотулган.   Электрондук байкоо суткасына 24 саат адамдын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстанда 77 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тарифти пайдаланат

Кыргызстанда 77 миңден ашык аз камсыз үй-бүлө электр энергиясына жеңилдетилген тарифти пайдаланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Ведомство айрым аз камсыздалгандар ижарага алынган батирлерде, эс алуу конуштарында же өндүрүштүк жайларда жашагандыктан электр энергиясына жеңилдетилген тарифтен пайдаланбай жатканын белгиледи. Социалдык жардамдын… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСиндеги №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда.   Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, үч айдын ичинде бул жерде бир катар иштер аткарылды. Тактап айтканда, эскирген жабдуулар демонтаждалып, монтаждоо иштери башталды.   Мекеме энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка… Кененирээк…

Кытайда эркек ооруканага келип, дарыгерлерди аракети менен таң калтырды

Кытайда эркек ооруканага келип, дарыгерлерди аракети менен таң калтырды.  78 жаштагы бейтаптын айтымында, ал 1972-жылы клиникада дарылануудан өтүп,  100 юань карыз болуп калган.   Эми ал бересесин берүүгө өзү келди. Кызыгы, эркек 52 жылдан берки пайыздарды дагы кошуп, 100 юандын ордуна бир нече миң юань… Кененирээк…

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин аяктайт

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө оңдоо иштери мөөнөтүнө чейин аяктайт. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Айтматов проспектисинин Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Долбоордун мөөнөтү 1-июлга чейин деп белгиленген. Ал эми аткаруучу компания 15-июнга чейин калыбына келтирүү иштерин аяктоого ишендирди. Белгилеп кетсек, Ахунбаев көчөсүндө… Кененирээк…