Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкекте карызы бар абоненттердин жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан такташкандай, 5 миңден ашык керектөөчүнүн карызы бар.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Эл аралык валюта рыногунан дээрлик 17 миллион доллар сатып алынды. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жарыяланды.   Белгилеп кетсек, жыл башынан бери бул сегизинчи интервенция. Андан бери Улуттук банк 161 миллион доллар сатып алган.

Таласта 105 миллион сомго оорукана курулат

Таласта 105 миллион сомго оорукана курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.   Медициналык жайды курууга тендерди Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгынын Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.   Жаңы оорукана Көпүрө-Базар айылында жайгашып, 25 бейтапка ылайыкташат.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 60 миңден ашуун балага сүйүнчү төлөндү

Жыл башынан бери Кыргызстанда 60 миңден ашуун балага сүйүнчү төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Министрлик ар бир бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» үчүн 4 миң сомдон берилерин эскертет. Эгер үч же андан көп бала төрөлсө, бир эле учурда ар бир… Кененирээк…

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты

Назарали Арипов Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Президенттин башка жарлыгы менен Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Шымкент шаарын, Алматы, Жетысу, Жамбыл, Түркестан жана Кызылорда облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.

Ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо күчөтүлөт

Президент Садыр Жапаров ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун демилгеледи.   Документте бир нече кодекстерге өзгөртүүлөр каралууда. Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердикке кийлигишүү үчүн жазалоону караган беренени кошуу пландалууда. Бизнести мыйзамсыз текшерүү үчүн айып пулду 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин… Кененирээк…

Индиянын тургуну адаттан тыш дүйнөлүк рекорд койду

Индиянын тургуну адаттан тыш дүйнөлүк рекорд койду. Ал англис алфавитин компьютерде мурду менен 25 секундда терген. Бул ушул категориядагы эң ылдам көрсөткүч.   Эркектин айтымында, анын жумушу компьютерде тынымсыз текст терүү менен байланышкан. Мындан улам, рекорд коюуну ойлогон.

Кыргызстанда 300гө жакын турак жай жана коммерциялык обьектинин курулушу мыйзамсыз

Кыргызстанда 300гө жакын турак жай жана коммерциялык обьектинин курулушу мыйзамсыз деп табылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, мыйзамсыз курулуштардын 90%ы жеке менчик жерлерге жайгашкан.   Белгиленгендей, мекеме Кыргызстанда уруксатсыз салынган курулуштарды текшерүү ишин… Кененирээк…

Алтын-Ордо конушунда жолдорго асфальт төшөө иштери башталды

Алтын-Ордо конушунда жолдорго асфальт төшөө иштери башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, конуштун инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 14-көчөнүн 1-көчөдөн 9-көчөгө чейин тилкесинде жолду жана тротуарды капиталдык оңдоо, анын ичинде ирригациялык системаны орнотуу иштери жүрүүдө.   Белгилеп кетсек, 2023-жылы жолго бир катмар асфальт төшөлүп, унаа кыймылы үчүн ачык бойдон калган.

Бишкектин Айтматов/Манас проспектиси менен маршруткалар каттабайт

Мындан ары Бишкектин Айтматов/Манас проспектиси менен маршруткалар каттабайт. Транспорт департаментинен билдиришкендей, кичи автобустар альтернативалык көчөлөргө бурулат.   Мындай чечим жол кыймылын оптималдаштыруу жана борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды жоюу максатында кабыл алынды.