Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт

11-июндан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Ага ылайык, виза үчүн 90 евро алынат, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдардын консулдук жыйымы 45 евро турат.   Мындан тышкары, Евробиримдикке мүчө Болгария менен Румыния… Кененирээк…

Улуттук банк Санарип сом долбоорун ишке ашырууну улантууда

Улуттук банк Санарип сом долбоорун ишке ашырууну улантууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына караганда, мыйзамдык жана техникалык багытта иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, изилдөө, сунуштарды талдоо жана жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.   Санариптик акча 2026-жылы ишке кирет деп пландалууда. Ага чейин сыноо иштери жүргүзүлөт.  … Кененирээк…

Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады

Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.   Автобустар Чолпон-Ата шаарына чейин жуманын жуп күндөрү каттайт. Автобус Ташкент автовокзалынан күндүзгү саат 3тө чыгат. Билет баасы 300 миң сумду же 20 миң сомдун тегерегиндеги сумманы түзөт.

Бишкектин бир катар аймагында суу өчөт

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин пландоодо.   Буга байланыштуу 5-июнда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Байтик Баатыр- Элебаев — Кулатов көчөлөрү, Геологиялык көчөсү– Л.Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен жердеги турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты… Кененирээк…

“Реал Мадриддин” тарыхындагы эң титулдуу футболчулар аталды

“Реал Мадриддин” тарыхындагы эң титулдуу футболчулар аталды. Алар – клубдун капитаны Начо Фернандес жана жарым коргоочу Лука Модрич. Оюнчулардын жеке эсебинде 26дан трофей бар.   Андан кийинки орунда “Реалдын” мурдагы футболчулары Карим Бензема жана Марсело турат, аларда 25тен. Эске салсак, ишембиде Чемпиондор лигасынын финалы өттү.… Кененирээк…

Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкекгаз”, “Чүйгаз”, “Ошгаз” жана “Жалалабадгаз” ишканалары эскертет.   Көгүлтүр отту берүү керектөөчү карызын толугу менен төлөп, андан кийин кеңсеге келип арыз жазгандан кийин гана жанданат.   Газ берүүнүн коопсуз талаптарына ылайык, көгүлтүр от  3 жумуш күндөн кийин… Кененирээк…

Нарын облусунда жаңы ирригациялык каналдын курулушу башталды

Нарын облусунда жаңы ирригациялык каналдын курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 19 миллион 220 миң сомду түзсө, ашар жолу менен курулушка дээрлик 11 миллион сом багыттоо пландалууда.   “Үч-Алыш” каналы колдонууга берилгенден кийин жаңы жерлер өздөштүрүлөт деп күтүлүүдө.

Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштады

Президент мыйзам бузган ишкерлерди күрөө менен бошотуу долбоорун сунуштады. Кылмыш-жаза кодексинде каралган бөгөт коюунун башка чаралары катары — электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө жана үй камагын колдонуу каралат.   Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, кылмыш-жаза кодексине мыйзамдуу ишкердик менен алектенгендерге тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин караган берене кошулуп,… Кененирээк…

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппенин трансфери тууралуу расмий жар салды

Мадриддик “Реал” Килиан Мбаппенин трансфери тууралуу расмий жар салды. Le Parisien басылмасынын маалыматына ылайык, чабуулчу 9 номери алдында ойнойт. 2025-жылдын жайында Лука Модрич командадан кеткенден кийин, Мбаппе анын онунчу номерин алат.   Эске салсак, Килиан Мбаппе ПСЖнын жылдызы болчу, ушул сезондо анын клуб менен келишими… Кененирээк…

Бишкекте Горький көчөсүн оңдоого 250 миллион сом багытталат

Бишкекте Горький көчөсүн оңдоого 250 миллион сом багытталат.   Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалат. Сынакты мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жарыялады.   Ага ылайык, көчөнүн Манас проспектисинен 7-апрелге чейинки тилкеси толугу менен ремонттолот. Иштер 1-ноябрга чейин аякташы керек.