ЖК комитети Улуттук банктын төрагалыгына Тургунбаевди колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 27-июндагы кезексиз жыйынында Улуттук банктын төрагасы кызматына Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин колдоду. Президент Садыр Жапаров көрсөткөн Мелис Тургунбаевди бул орунга шайлоо маселеси эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.   42 жаштагы Мелис Тургунбаев — экономика илимдеринин доктору. 2023-жылы жаратылыш ресурстары,… Кененирээк…

Бишкекте кийинки жылуулук сезонуна даярдык көрүү иштери жүрүүдө

Бишкекте кийинки жылуулук сезонуна даярдык көрүү иштери жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, пландык жумуштар учурда 5 буу казанда жүрүп жатат   Алар менен 140 объект тейленет, анын ичинде турак-жайлар, бала бакчалар, мектептер, бейтапкана жана аскердик окуу жай бар.   Буу казандарды оңдоо иштери тургундарды үзгүлтүксүз жылуулук менен… Кененирээк…

Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым велосипед жолчосу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат

Ысык-Көлдү бойлото 11 чакырым велосипед жолчосу жана жөө жүрүүчүлөр өтмөгү курулат. Бул тууралуу “Кабарга” Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, веложол Азиялык өнүктүрүү банкы менен жетишилген макулдашуунун алкагында курулат.   Долбоордун жалпы суммасы 56 миллион долларды түзөт.… Кененирээк…

Мелис Тургунбаев кызматтан бошотулду

Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Мелис Тургунбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан алынганы кабарланды.

Кыргызстанда дээрлик 500 миң акылдуу эсептегич орнотулду

Кыргызстанда дээрлик 500 миң акылдуу эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Novosti.kgге “Улуттук электр тармактары” ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аппараттар келерки жылдын аягына чейин бүт өлкө боюнча пайда болот.   Приборлор электр энергиясын керектөөнү так жана убагында эсепке алууну камсыздайт, бул өз кезегинде тармактардагы жоготууларды азайтып,… Кененирээк…

Дүйнөдө мунайдын баасы экинчи жума катары менен көтөрүлүүдө

Дүйнөдө мунайдын баасы экинчи жума катары менен көтөрүлүүдө.   Талдоочулардын баамында, айдын башынан бери кара алтындын баасы болжол менен 5 пайызга өсүп, акыркы жети жумадагы эң жогорку чекке жетти. Бул тенденция дүйнөдөгү эң ири мунай керектөөчү болгон Кошмо Штаттарда күйүүчү майга суроо-талаптын өсүшү жана анын… Кененирээк…

Ошто “Коопсуз шаар” долбоору 1-июлдан тарта толук кандуу иштеп баштайт

Ош шаарында 1-июлдан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү ала баштайт. Мэриядан эске салышкандай, 1-июндан тарта камералар тесттик режимде иштеп жатат, тагыраагы мыйзам бузуулар үчүн айып пул салына элек.   Долбоор келерки айдын башынан тарта толук кандуу ишке кирет. Жалпысынан… Кененирээк…

Балыкчыда 24,7 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу багытында иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.   Алсак, Балыкчы шаарынын айлампасы тарапта жайгашкан 2,75 га жер тилкеси боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына келтирилген… Кененирээк…

Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусуна караштуу Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, быйыл аталган жолдун үч чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыгына асфальт жаткырылды.   Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №48 Жол… Кененирээк…

ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга келет

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы, чет элдик жана европалык иштер жана соода министри Мальты Иан Борч Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Ян Борч президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Тышкы иштер министри Жээнбек… Кененирээк…