Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө

Бишкекте жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жамааты Чыңгыз Айтматов проспектисин бойлой Ажыбек баатыр көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки бөлүгүндө, Абдымомунов жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү жаңылоо иштерин баштады. Андан ары Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы жол белгилерин жаңылоону баштоо… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Бельгияга иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 24-25-июнда Бельгия Падышалыгына болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушуу бетме-бет форматта өтүп, анда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.   Андан кийин президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель… Кененирээк…

Айтматов районунда курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат

Айтматов районунун Көк-Сай айылында курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 140 орунга чакталган. Курулуш иштери республикалык казынадан каржыланган объект жакында пайдаланууга берилет.

Бишкектин Красный строитель конушунда суу болбойт

Эртең Бишкектин Красный строитель конушунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу конуштун аймагында саат 10:00дөн 18:00гө чейин болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Мекеме-уюмдар, ишканалар, мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, ошондой эле калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.

Бишкектин Дордой-2 конушу жарыктандырылды

Бишкектин Дордой-2 конушунун көчөлөрүнө жарык орнотуу иштерин аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, долбоордун алкагында 12-көчөдө төмөнкү иштер жүргүзүлдү:   23 даана 100 Вт чырак орнотулду. 23 кронштейн орнотулду. 1000 метр өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды. 21 түркүк орнотулду.

«Салык Сервис» мекемесине жаңы директор дайындалды

Шамшыбек Качкынбай уулу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Буга чейин Шамшыбек Качкынбай уулу «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.   Ал эми «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин… Кененирээк…

Быйыл мугалимдердин эмгек өргүүсүнө 7 млрд сом бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылы үчүн жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине эмгек өргүүсүн төлөө жөнүндө маалымат берди. Ведомствонун маалыматына караганда, мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты. Мугалим жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 млрд сомду… Кененирээк…

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды

Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Нургүл Салиева дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-июнда кол койгон. Ал буга чейин «Салык сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болчу. Эске салсак, Салык кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Адилет Дубанаев… Кененирээк…

Ош шаарында эки көчөнү капиталдык оңдоо иштери аяктады

Ош шаарында эки көчөнү капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жумуштар №177 жана Чкалов көчөлөрүндө жүргүзүлдү. Дээрлик 3 чакырымга асфальттын жаңы катмары төшөлдү.   Андан тышкары, тротуарлар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлүп, көчө жарыгы орнотулду.

Кыргызстанда 6 жаңы мал базар курулууда

Кыргызстанда 6 жаңы мал базар курулууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилер Кочкор, Лейлек, Ноокат, Сокулук жана Кадамжай райондорунда жайгашат.   Соода аймактары жакынкы арада колдонууга берилет деп күтүлүүдө.   Ведомстводон эске салышкандай, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 44 мал базар бар. Алардын ичинен 15и гана… Кененирээк…