Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат
Жалал-Абад – Тамчы аба каттамы 1-июлдан тарта жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, учактар Ысык-Көлдүн жээгине жумасына төрт ирет жөнөйт. Эске салсак, Жалал-Абад — Тамчы багытындагы каттам мурда уюштурулуп, бирок чакан учактардын тартыштыгынан улам 2021-жылы токтоп калган.