Чүй облусундагы Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө

Чүй облусундагы Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунун 21-30-чакырымдар аралыгында селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүрүүдө. Жеринде  Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техника иштеп жатат.   Кечкиге чейин каттам жанданат деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, түнү менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Токмок-Шамшы-Туюк унаа жолунда сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 13-июлдан 17-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мекеме селдин алдын алуу үчүн арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөгө жана таштанды… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Мэрия билдиргендей, бүгүнтөн тарта Абдрахманов көчөсүнүн Пушкинден Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.   Мындан тышкары, 15-июлдан тарта Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүн оңдоо иштери үчүн жабуу пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте батир 5 жылда 78% кымбаттады

Бишкекте батир 5 жылда 78% кымбаттады. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктен маалым болду.   Ушул жылдын июнь айында ордо калаада батирлердин орточо баасы чарчы метрине 90 миң 400 сомду түздү. 2019-жылдын ушул мезгилинде 50 миң 700 сом болчу.  … Кененирээк…

Бишкек-Балыкчы унаа жолунда эреженин сакталышын дрондор көзөмөлдөйт

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эреже бузгандар дрондордун жардамы менен аныктала баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда дрондор Ысык-Көлгө бара жаткан жолду айланып өтүүчү трассада учуп жүрүшөт.   Техника катуу ылдамдыкта бараткан жана каршы тилкеге ​​чыккан айдоочуларды жаздырып калат. Жолду бойлой бир жарым… Кененирээк…

Баткенде сел калдыктарын тазалоого 130 куткаруучу тартылды

Бүгүн саат 10:00гө карата Баткен районунун Ак-Татыр айылынын Аэропорт, Өрүкзар жана Самаркандек айылынын Орто-Сай тилкесинде 131 куткаруучу жумуш алып барууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде 10 куткаруучу турак үйлөргө жана короо-жайларга кирген сел калдыктарын тазалап жатышат. Ал эми… Кененирээк…

Жарым жылда бирдиктүү салык боюнча 6 млрд сом чогулду

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын алты айында бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча 6 млрд сом салык чогултту.   Ведомстводон маалымдашкандай, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бирдиктүү салык жыйымдары 239% же 3,4 млрд сомго көбөйгөн. 2024-жылдын 1-июлуна карата салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн… Кененирээк…

Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесин сел каптаган. Маалыматка ылайык, 130дан ашык тургун эвакуацияланды. Коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн 50сү жаш балдар.   Жаандан улам каптаган сел суулары турак үйлөргө кирип, ички чарбалык… Кененирээк…

Жарым жылда ИДП 560 млрд сомго жетти

Кыргызстанда ИДП ушул жылдын январь-июнь айларында 560 млрд сомго жакындап, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду.   Ага ылайык, өнөр жай продукциясынын көлөмү 237 млрд сомду түздү. Курулушта оң тенденциялар байкалып, мында көлөмдүн өсүшү 48,5% болду. Дүң жана… Кененирээк…

Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды

Футбол боюнча Европа чемпионатында финалга чыккан жуптар аныкталды. Чечүүчү беттеште Испания менен Англия кез келет. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча 15-июлда түнкү саат 1де болот.   Эске салсак, буга чейин Евронун биринчи жарым финалында Испания Францияны 2:1 эсебинде утуп алган. Англия жарым финалда Голландиядан күчтүүлүк кылып,… Кененирээк…