Ош шаарында селден 146 турак-жай жана бир бала бакча жабыркады

Ош шаарында селден 146 турак-жай жана бир бала бакча жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ал эми Кара-Суу районунун Мады, Датка, Баш-Булак айылдарында суу 642 үйдү, 9 социалдык объектти суу каптады.   Андан тышкары, 4 мектеп, 1 бала бакча, эки оорукана, музей жана ФАП… Кененирээк…

Испания курамасынын жарым коргоочусу Родри Германияда жыйынтыкталган Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу деп аталды

Испания курамасынын жарым коргоочусу Родри Германияда жыйынтыкталган Европа чемпионатынын мыкты оюнчусу деп аталды. Бул тууралуу УЕФА билдирди.   Кечээ чечүүчү беттеште Испания Англия курамасын 2:1 эсебинде утуп алды. Команда турнирди ушуну менен төртүнчү ирет жеңди, бул рекорддук көрсөткүч. Финалдык оюндун мыкты оюнчусу – Нико Уильямс.… Кененирээк…

Ош шаарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

Ош шаарындагы борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) билдиришинче, жалпысынан 120 куткаруучу «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээгинде издөө, куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. 14-июлда түштөн кийин жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин,… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жайкы сезондун аягына чейин бардык мыйзамсыз объектилер алынат

Ысык-Көлдө жайкы сезондун аягына чейин бардык мыйзамсыз объектилер алынат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, мыйзам боюнча көлдүн жээгинин 100 метр айланасында эч кандай курулуш болбошу керек.   Бүгүнкү күнгө карата жүздөгөн объектилер түрттүрүлдү.… Кененирээк…

Сел Баткен облусунда дагы жүрдү

Сел Баткен облусунда дагы жүрдү. Учурда аймакта ыкчам топ иштөөдө, — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.   Маалыматка ылайык, кечээ кечинде нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Үч-Дөбө айылдарында турак-жайларды сел каптады.   Ошондой эле сел суулары кирген Кадамжай районунун Чаувай, Лейлек районунун… Кененирээк…

Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир тилкеси бүгүн ачылды

Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир тилкеси бүгүн ачылды. Кеп анын Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат. Бул участокто оңдооп-түзөө иштери толугу менен жыйынтыкталды.   Эми көчөнүн Бөкөнбаев – Жибек Жолу тилкеси калыбына келтирилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы 14-июлда Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү (7 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганын билдирди. Министрлик кыздын сөөгү Кыргызстанга «Достук» чек ара бекетинен өткөрүп алынарын кошумчалады. Мекеменин маалыматына ылайык, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү… Кененирээк…

Испани курамасы Англияны жеңип, тарыхта төртүнчү жолу Европа чемпиону аталды

    Испаниялыктардан Нико Уильямс жана Микель Оярсабаль өзгөчөлөнсө, жооптуу жалгыз голду Коул Палмер киргизди.   Белгилеп кетсек, өткөн чемпионатта дагы Англия курамасы финалга чейин ийгиликтүү жетип, Италияга пенальти сериясында утулуп калган болчу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкекте эртеңден тарта Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор – Сүйөркулов тилкеси оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте эртеңден тарта Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор – Сүйөркулов тилкеси оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ош облусунда жалпысынан 342 турак-жайды суу каптады

Ош облусунда жалпысынан 342 турак-жайды суу каптады.   Президент администрациясынын соңку маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаандан кийин Кара-Суу районунун айылдарында сел жүрүп, 16 унаа жабыркады, 25 гектар айдоо жери жараксыз абалга келди.   Учурда аймакта 400гө жакын куткаруучу, 50 атайын техника иштеп жатат.