Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди
Селден жабыркагандар үчүн Ош шаарына Өзбекстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктү “Достук” чек ара бекетинен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. 13 жүк ташуучу унаа менен келген гумжардамдын салмагы 200 тонна. Анда курулуш материалдары, кийим-кече, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүк бар.… Кененирээк…