Ош облусундагы селден улам зыянга учураган суу объекттерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Ош облусундагы селден улам зыянга учураган суу объекттерин калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда,  14-июлдагы катуу нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селдин кесепетинен 15тей суу курулмалары жабыркаган.   Учурда райондук суу чарба башкармалыктары… Кененирээк…

Соңку 36 жылда дүйнөдө ашыкча салмак менен жабыркаган адамдардын саны дээрлик эки эсе өстү

Соңку 36 жылда дүйнөдө ашыкча салмак менен жабыркаган адамдардын саны дээрлик эки эсе өстү.   Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, планетада ар бир төртүнчү адамдын ашыкча салмагы бар жана 10 жыл сайын көрсөткүч 10 пайызга өсүп келет.   Муну адистер – активдүү эмес… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстандан сыртка 205,5 миллион доллар которулду

Жыл башынан бери Кыргызстандан сыртка 205,5 миллион доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында жазылган.   Кеп акча которуу системалары, уюлдук тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жеке адамдардын транзакциялары тууралуу болуп жатат.   Көрсөтүлгөн сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топко аз. Анда сыртка… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү 14-августка чейин уланат

Жогорку окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгү 14-августка чейин уланат.   Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча окуу жайларга абитуриенттерди тандоо кечээ,   15-июлда башталды.   Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү жана документтерди “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жөнөтүү керек.… Кененирээк…

Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө

Сел түшкөн унаа жолдорду тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Ноокат-Араван унаа жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди.   Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 49-51-чакырым… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди

Ош облусунун Кара-Суу аймагында жарыксыз калган бардык абоненттерге электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жеринде авариялык оңдоп-түзөө бригадалары, атайын техника иштеп, подстанциялар, трансформаторлор калыбына келтирилди.   Ошондой эле жаңы мамылар орнотулду.   Чыңалуу толук кандуу берилип жатат. Эске салсак, 14-июлда аймакта катуу… Кененирээк…

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды

Балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында Кыргызстан курамасынын капитаны болуп шайланды.   Францияда Махмудов өзү 6-августта килемге чыгат. Күрөш боюнча турнир августта башталгандыктан, балбандар оюндардын ачылыш аземине катыша албайт.   Андыктан, өлкөнүн желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат, — дешти министрлер кабинетинен. Эске салсак, Кыргызстан курамасында… Кененирээк…

Бишкекте эми троллейбустар болбойт

Бишкекте эми троллейбустар болбойт. Алар экологиялык жана мобилдүү келген электробустарга алмаштырылат. Шаар бийлиги муну троллейбустар ыңгайлуу болбой калганы менен түшүндүрүүдө.   Анткени, алар атайын линия тартылган каттам менен гана жүрө алат. Алсак, учурда Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Мындай учурда троллейбустарга… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр

Жалал-Абаддагы “Көк-Арт” кичи ГЭСи ишке кирүүгө даяр. Долбоорду ишке ашыруу 2022-жылдын август айында башталган.   Эки жыл аралыгында Көк-Арт дарыясында узундугу 2 мин 600 метрге жеткен деривациялык канал жана инженердик объектилер курулуп, турбиналар жана башка  зарыл жабдуулар орнотулду. Ошондой эле, электр монтаждоо иштери аткарылды.  … Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте бүгүнтөн тарта Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын Сухэ-Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.   Тыгындарды азайтуу максатында, жол оңдоо иштери этабы менен жүрөт. Андан кийин Сүйөркулов – Ахунбаев участогу ремонттолот.