Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бүгүн доллардын расмий курсун 84 сом 94 тыйын деңгээлинде бекитти.   Коммерциялык банктарда америкалык валютанын орточо курсу — 84 сом 72 тыйынды түзөт. Белгилеп кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунан… Кененирээк…

Абдрахманов көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат

Абдрахманов көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат. Мэриядан такташкандай, кеп анын Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Эми капиталдык оңдоо иштери Абдрахманов – Киев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод кийинки жылы ачылат.   Ишкананы кытайлык инвесторлор куруп жатат. Ал 12 гектар аянтты ээлеген санитардык полигондун аймагында жайгашат.   Завод күнүнө болжол менен 850 тонна таштандыны кайра иштетип, ошол эле учурда электр энергиясын өндүрүп чыгат. Эске салсак, эко-техникалык ишкананын курулушуна… Кененирээк…

Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу

Чет элдик жарандар эми Ысык-Көлдөн объект сатып алууга укуктуу.   Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык,  башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер сатылат.   Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет элдиктер объектилерди гана сатып алса болот,… Кененирээк…

Кытайда айдоочусу жок жүрө турган автобустар жүрүп баштады

Кытайда айдоочусу жок жүрө турган автобустар жүрүп баштады. Автономдук транспорт Шанхай жана Шэньчжэн шаарларында иштеп жатат. Салон 10 жүргүнчүгө чакталган.   Ичинде кадимки автобустардыкындай эле темир кармагычтар бар, ал эми отургучтардын ордуна жумшак дивандар орнотулган. Авариялык чыгуу баскычы дагы каралган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү

  Бишкекте Чүй проспектиси жабылганына байланыштуу 10 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү.   Бүгүнтөн тарта аталган кең көчөнү калыбына келтирүү иштери башталат.   Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Буга байланыштуу №34, 48, 7, 17, 38, 42, 107,… Кененирээк…

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми үч саатта алса болот

Соттолбогондугу тууралуу маалымкатты эми үч саатта алса болот.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, ал үчүн Tunduk тиркемеси же электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынан “адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү” кызматын тандап, арыз калтыруу керек.   Кызматтын баасы… Кененирээк…

Ошто сел каптаган 800дөн ашык турак-жай тазаланды

Ошто сел каптаган 800дөн ашык турак-жай тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюп, жабыркаган жарандарга үйлөрүң тазалоого жардам беришти.   Эске салсак, 14-июлдагы нөшөрлүү жаандан кийин сел жүрүп, Кара-Суу районунун Мады, Датка, Баш-Булак айыл аймактарындагы жана Ош шаарындагы… Кененирээк…

Президент администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат

Президент администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында турат. “Ынтымак – Манас Ордо” аталышындагы имарат дээрлик 26 гектар аянтты ээлейт.   Ал Чыңгыз Айтматов проспектисинде, мурдагы “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда жайгашат. Курулуш иштери аяктаганда,   Ак үй дал ушул имаратта жайгаштырылса, Бишкек мэриясы азыркы өкмөт үйүнө көчүрүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү.   Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 388 сомго көп.   Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.