БШК депутат Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгон.   Икрамов өзү мандатын тапшырууга эмне себеп болгону тууралуу комментарий бере элек. Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланып келген.… Кененирээк…

Кыргызстандыг бардык стратегиялык трассаларында дрондор көзөмөл жүргүзөт

Кыргызстандыг бардык стратегиялык трассаларында дрондор көзөмөл жүргүзөт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, дрондор Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Ош облустарынын жолдорунда тартип сакчыларды аныктоо үчүн колдонулуп жатат.   Алар Бишкек – Нарын – Торугарт, Ош – Кара-Суу, Бишкек – Ош, Ош… Кененирээк…

Ала-Арча капчыгайынын үстүндөгү Адыгене жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок

Ала-Арча капчыгайынын үстүндөгү Адыгене жана майда көлдөрдүн дамбасынын жырылуу коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, калк арасындагы кооптонуудан улам ведомство кызматкерлери жерине барып, аталган көлдөрдө суунун деңгээли жылдык нормага ылайык болуп, дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экенин билдиришти.   Учурда… Кененирээк…

Сириядан дагы 22 кыргыз жараны кайтарылды

Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл-6» гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлериндеги 8 аял жана 14 жашы жете элек бала алып келинген. «Гуманитардык миссия Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине репатриациялоо боюнча койгон… Кененирээк…

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, кечээ нөшөрлүү жаандан улам Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум шагылга толтурган. Ошондой эле 7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 бакчага суу кирген.… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачык

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 55-чакырымы бир тараптуу ачык.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сел катталган Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагына ыкчам топ тартылып, учурда унаа жолдо тазалоо иштери жүрүүдө.   Белгилей кетсек, күн мурун Көк-Жар айыл аймагында саат… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позицияга төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде бир позицияга төмөндөдү.   Жаңыланган тизмеде биздин команда 102-орунда жайгашат. Жалпысынан рейтингде 210 курама бар. Лидерлердин бешилтигине – Аргентина, Франция, Испания, Англия жана Бразилия кирет.   Сентябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо этабынын үчүнчү раунду башталат. 5-сентябрда кыргызстандыктар Иран курамасы… Кененирээк…

Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди

  Селден жабыркагандарга Казакстандан гуманитардык жардам келди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.   Жүк кыргыз-казак чек арасынан өтүп, Ош облусуна жөнөп кетти. Эске салсак, буга чейин селден жабыркагандарга Өзбекстандан гуманитардык… Кененирээк…

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук каттамдар өзгөртүлдү

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук каттамдар өзгөртүлдү. Мэриядан билдиришкендей, учурда Абдрахманов – Киев көчөлөр кесилиши жабык.   Буга байланыштуу №12, 31, 145, 195 жана 226 автобус линияларынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылды

Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы ачылды.   Чүй облус администрациясынан билдиришкендей, ишканада жылына 3 миң 300 тонна полиэстр жана лайкр кездемесин чыгаруу пландалып жатат. Учурда анда 155 жумуш орду түзүлдү.   Кийин анда 600 адам иш менен камсыз болот деп күтүлүүдө Фабрикада өндүрүлгөн продукциянын 85 пайызы… Кененирээк…