Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет

Нарын шаарында коомдук жайларда акысыз интернет берилет.   Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ал үчүн “Смарт-Нарын — 24” долбоорунун алкагында 20 жерге акысыз Wi-Fi таратуучу түйүн орнотулат.   Долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ал август айынын ичинде… Кененирээк…

Токтогул районунда “Кайнама” чакан ГЭСи ишке кирди

Токтогул районунда “Кайнама” чакан ГЭСи ишке кирди. Кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу өткөн жылдын күз айларында башталган.   ГЭСтер каскадын курууга 9 миллион 300 миң доллар жумшалды.   “Кайнама” чакан гидро электр станциясы жылына 39 млн киловат/саат энергияны иштеп чыгат.  … Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСи ачылды

Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСи ачылды.   Президент администрациясынан кабарлашкандай, Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 мегаватты түзөт. Жылына болжол менен 25 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгат. ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициянын көлөмү дээрлик   8 миллион долларды… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча курулууда

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы бала бакча курулууда. 120 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Нариман айылында жайгашат.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, объекттин курулушу өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Бакчанын жалпы аянты 1 миң 80 чарчы метрди түзөт.

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук линиялардын каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте жол оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустук линиялардын каттамы өзгөртүлдү. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабылды.   Буга байланыштуу №7, 34 жана 38 автобустар эми Тыныстановдон Манас проспектисине чейин Киев көчөсү аркылуу жүрөт. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу… Кененирээк…

Ош шаарынын борбордук базары кадимки тартипте иштеп жатат

Ош шаарынын борбордук базары кадимки тартипте иштеп жатат.   Бул тууралуу биринчи вице-мэр Марс Исаев билдирди. Анын айтымында, соода аймагы жаңы базар ачылганга чейин жабылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.   Бирок учурда аны көчүрүү боюнча сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, сел каптаган… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи этабы башталды.   Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, өнөктүк  24-июлга чейин созулат. Кабыл алууга сунушталгандардын аты-жөнү 25-июлда жарыяланат, алар окуу жайда билим ала турганын сөзсүз түрдө тастыкташы керек. Жалпысынан кабыл алуу 5 тур менен өтөт.   Абитуриенттерден арыздар… Кененирээк…

Ак-Буура дарыясынын жээги боюнча комиссия түзүлдү

Ош шаарын аралап өткөн Ак-Буура дарыясынын корук аймактарында жайгашкан курулуштар, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Тийиштүү мамлекеттик органдардан түзүлгөн комиссия дарыянын жээгиндеги жер тилкелерин аныктап, анализдеп сунуш беришет. 14-июлда катуу жаандан кийин… Кененирээк…

Садыр Жапаров Париждеги Олимпиада оюндарына катыша турган курама командага тууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган спортчулар менен жолугушуп, Кыргызстандын курама командасынын капитаны Акжол Махмудовго мамлекеттик тууну тапшырганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Иш-чаранын аягында Жапаров улуттук курама команданын капитаны Акжол Махмудовго Кыргызстандын мамлекеттик желегин тапшырды.  

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июль саат 09:06да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Булак айлынынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым жана Каракол шаарынан түндүк-чыгышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан.   Калктуу конуштарда — Ак-Булак айылында жердин… Кененирээк…