Бишкекте эртең Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси ачылат

Бишкекте эртең Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси ачылат. Мэриядан билдиришкендей, бул тилкени капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Ошондой эле эртең Чүй проспетисинин Ибраимов – Айтматов бөлүгү жабылат. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Оштун борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Ош шаарынын борбордук аянтында жыл соңуна чейин митинг жана акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, мэриянын тиешелүү токтому 28-июндагы Ош шаардык сотунун чечиминин негизинде иштелип чыккан. «Чектөө 31-декабрга чейин киргизилди. Чечим шаардыктардын борбордук көчөлөрдө тынчтыкты, коопсуздукту камсыздоо боюнча кайрылуусунун негизинде кабыл… Кененирээк…

Бишкекте 25-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте 25-июлда Чүй проспектисинин бир бөлүгү капиталдык оңдоо иштерине жабылат.   Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Бул тилкеде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордюрлар жана ирригациялык система калыбына келтирилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу толук ачылды

Кара-Кулжа районунунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Бүгүн эртең менен Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.   Жерине №26 жол тейлөө кызматынан… Кененирээк…

Бишкекке кирген унаалардан каражат чогултуу сунушталды

Бишкекке кирген унаалардан каражат чогултуу сунушталды.   Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, баалар унаанын үлгүсү, мамлекеттик номери жана салмагына жараша аныкталат.   Алсак, жеңил машинелерден 50 сом, жүк ташуучу унаалардан 100 сом жана трактор, комбайн сыяктуу техникадан 150 сомдон 300 сомго чейин алынат.… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 жыл ичинде “Санарип көчмөн” макамы 2 миң 300 адамга берилди

Кыргызстанда 2 жыл ичинде “Санарип көчмөн” макамы 2 миң 300 адамга берилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, статусту алууга Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын жана Россиянын жарандары арыз бере алат.   “Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана… Кененирээк…

Өлкөдө унаа үчүн мамлекеттик номерлердин баасы 40 пайызга төмөндөтүлдү

Өлкөдө унаа үчүн мамлекеттик номерлердин баасы 40 пайызга төмөндөтүлдү.   Бул тууралуу Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 18-июлдан тарта мамлекеттик номер белгилеринин топтомунун баасы 1 миң 16 сомду түзөт.   Ал эми буга чейин анын наркы 1 миң 720 сомго… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Данияр Сатаров дайындалды

Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп Данияр Сатаров дайындалды.   Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 35 жаштагы жаңы калаа жетекчиси буга чейин райондук администрацияда иштеп келген.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ош облусунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Ош облусунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Бүгүн эртең менен Кара-Кулжа районунунда жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 19-чакырымы эки тараптуу жабылган.   Жерине №26 жол тейлөө… Кененирээк…

Кыргызстанга АКШдан акча которуу көрсөткүчү көбөйүүдө

Кыргызстанга АКШдан акча которуу көрсөткүчү көбөйүүдө. Мындай маалымат менен Улуттук банк бөлүштү. Алсак, үстүбүздөгү жылдын январь – май айларында АКШдан 27 миллион доллар которулган.   Бул өткөн жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 8 миллионго көп. Белгилеп кесек, жыл башынан бери Кыргызстанга жалпысынан 253,3 миллион доллар… Кененирээк…