Бишкек жана Ош шаарларында айрым күндөрү унаа айдоого тыюу салуу сунушталды

Бишкек жана Ош шаарларында айрым күндөрү унаа айдоого тыюу салуу сунушталды.   Мэриянын токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, акыркы номери боюнча белгиленген күнү унаа кыймылына чектөө киргизилет.   Алсак, машиненин номери 1 жана 2 сандары менен бүтсө – дүйшөмбү күндөрү, 3 жана 4… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде ири суммадагы мыйзам бузуу аныкталды

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде 979 миллион 244 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын Эсептөө палатасы билдирди. Ведомство 2022-жылга карата министрликтин бюджетинин аткарылышы боюнча аудит жүргүзгөн. Айтылган сумманын ичинен 90,4 миллион сомдун орду толтурулуп, дагы 122 миллион 418 миң сому калыбына келтирилиши керек. Калган сумма аудиттин жыйынтыгы менен… Кененирээк…

«Жарандык абалдын актысынын жазуусу» онлайн кызматы ишке киргизилди

2024-жылдын июнь айынан тарта “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу “Жарандык абалдын актысынын жазуусу» онлайн кызматы ишке киргизилген. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Кыргызстандын жарандары авторизациядан өтүп, “Жарандык абалдын  актысын санариптештирүү” кызматына кирет.   Каталог боюнча милдеттүү талааларды толтуруп,… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.   Маалыматка ылайык, 26-июлга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Ушул жана… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы 100 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, имарат эки кабаттуу, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт.   Объекттин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте таштандыны тиешелүү эмес жерге ыргыткандар камеранын жардамы менен аныкталып жатат

Бишкекте таштандыны тиешелүү эмес жерге ыргыткандар камеранын жардамы менен аныкталып жатат.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мындай алгачкы тартип бузуучулар аныкталып, аларга карата протоколдор түзүлдү.   Эске салсак, таштанды челекке “жетпей калган” жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып каралган.… Кененирээк…

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 14 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун биринчи турунда 14 миңден ашык абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.   I турда жалпысынан 30 миң 246 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга 11 миң 334, контрактык негизде окууга 18 миң 912 талон түшкөн.… Кененирээк…

Кыргызстанда жарым жылда “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 70 миң 850 балага берилди

Кыргызстанда жарым жылда “балага сүйүнчү” бир жолку төлөм 70 миң 850 балага берилди.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт, эгер бир учурда эки же андан көп ымыркай жарык дүйнөгө келсе,… Кененирээк…

Кыргызстанда мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандар жазаланат

Кыргызстанда мыйзамдуу ишкердик кылгандарга тоскоолдук жараткандар жазаланат. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.   Ага ылайык, кызмат адамдарынын ишкердик субъекттерине мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүүсү же алардын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуусу үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү.   Документтин максаты — Кыргызстанда экономикалык иш жүргүзгөн ишкерлерди жана инвесторлорду коргоону… Кененирээк…