Кыргызстандан Россияга балык жана сүт азыктарын ташууга киргизилген чектөө алынды

Кыргызстандан Россияга балык жана сүт азыктарын ташууга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов билдирди.   Эске салсак, былтыр февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыгын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Ал эми сүт азыктарын… Кененирээк…

Садыр Жапаров Париждеги Олимпиаданын ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен 25-27-июлда Францияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   Сапардын алкагында 25-июлда Садыр Жапаровдун Париж саммитине катышуусу пландалган. Бул иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчы Кыргызстан балдардын ден соолугуна жана билимине, спортчулардын… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди.   Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жаңы курулуш нормасын кабыл алды. Ага ылайык, курулуп жаткан көп кабаттуу… Кененирээк…

Өлкөдө Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата 31-августка чейин 35 ири ишкана ачылат

Өлкөдө Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата 31-августка чейин 35 ири ишкана ачылат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.   Анын айтымында, жыл башынан бери 25 объект ачылып, иштеп баштады. Ошондой эле ушул айдын аягына чейин дагы 6 ишкана ачылат. Анын ичинде… Кененирээк…

Кыргызстан CASA-1000 энергетикалык долбооруна дагы эки насыя алат

Кыргызстан CASA-1000 энергетикалык долбооруна дагы эки насыя алат. Президент Садыр Жапаров тиешелүү макулдашууга кол койду. Ага ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы 13 миллион доллар бөлүп берет.   Каражат 25 жылга 1,5 үстөк пайызы менен берилет. Андан тышкары, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 18 миллион 300 миң доллар… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу үчүн дрондор колдонулуп жатат

Бишкек – Ош унаа жолунда кырсыктарды алдын алуу үчүн дрондор колдонулуп жатат.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Бишкек-Ош трассасында дрон менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда.   Техника тесттик режимде иштеп жатат. Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, унаадан туура эмес ашып өтүү сыяктуу… Кененирээк…

Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады

Жалал-Абадда селден 20 трансформатор жабыркады.   23-июлда катуу жааган жамгырдан улам Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагында сел жүргөн. Натыйжада Арсланбап, Кош-Терек айылдарында 640тан ашык керектөөчү жарыксыз калды.   Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жеринде линияларды жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Бишкекте эртеңден тарта Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкекте эртеңден тарта Горький көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.   Мэриядан билдиришкендей, капиталдык оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында анын Чыңгыз Айтматов проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси калыбына келтирилет.   Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, бордюрлар жаңыртылат. Белгилей кетсек, Горький көчөсү Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө… Кененирээк…

Бишкекте электр энергиясы менен жылытылып келген 132 көп кабаттуу үй газга өткөрүлөт

Бишкекте электр энергиясы менен жылытылып келген 132 көп кабаттуу үй газга өткөрүлөт.   Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди.   Анын айтымында, электр энергиясынын басымдуу бөлүгү үйлөрдү жылытууга багытталып, тармактарга күч келүүдө.   Андыктан, ашыра жүк келүүнү азайтып, көп кабаттуу үйлөрдү жана… Кененирээк…

Бишкекте №23 жана 56-автобустардын жүрүү схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Бишкекте №23 жана 56-автобустардын жүрүү схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.   Мэриядан билдиришкендей, эми №23 автобус Жайыл Баатыр көчөсүнөн Селекция, Муром, Гагарин, Репин көчөлөрү менен жүрүп Лев Толстойго чыгат.   Ал эми №56 автобустун каттамы Манас проспектисинен Чүй, Фучик, Коммунаров көчөлөрү жана Жибек Жолу проспекти менен жүрөт.… Кененирээк…