Селден жабыркаган кыргызстандыктар насыясын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот

Селден жабыркаган кыргызстандыктар насыясын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот.   Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, кредитти төлөө шарттарын ыңгайлаштыруу үчүн каржы мекемесине арыз жазуу керек.   Андан тышкары, кардар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абалдан улам насыясын   90 күндөн ашык төлөй албай калса, бул… Кененирээк…

Лионель Месси 21-кылымдын мыкты футболчусу деп аталды

Лионель Месси 21-кылымдын мыкты футболчусу деп аталды. Рейтингди популярдуу спорт басылмасы ESPN түздү. Экинчи орунда сауд арабиялык “Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жайгашат.   Ал эми мыктылардын үчилтигин “Барселона” жана “Арсеналдын” мурдагы форварды Тьерри Анри бекитет.   Андан кийинки орундарда франциялык Зинедин Зидан, Хорватиянны жылдызы… Кененирээк…

Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү

Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кара-Ой жана Калдай айылдарында турак-жайларды, боз үйлөрдү жана ички чарбачылык жолдорду суу каптады.   Жыйынтыгында бир нече жолдор унаа кыймылына жабылды. Жеринде Ноокат районунун куткаруучулары иштеп, селдин кесепетин жоюу аракетин көрүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек бийлиги шаарда туристтик төлөм киргизүүнү пландап жатат

Бишкек бийлиги шаарда туристтик төлөм киргизүүнү пландап жатат.   Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Муниципалитет ордо калаага келген ар бир туристтен күнүнө 50 сомдон чогултууну пландап жатат.   Белгилеп кетсек, мындай төлөм бир гана жашы жеткен туристтер үчүн киргизилет.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси ачылат

Бишкекте бүгүн Абдрахманов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси ачылат. Мэриядан билдиришкендей, бул тилкени капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Ошондой эле эртең Чүй проспетисинин Ибраимов – Айтматов бөлүгү жабылат. Айдоочуларга тыгындарды алдын алуу максатында башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 унаны агызып кетти

Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 унаны агызып кетти.   Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан тышкары, эки турак жайды, оорукананы, соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.   Жерине атайын техника жана куткаруучулар тартылды. Эске салсак, Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун… Кененирээк…