Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда сел жүрдү

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 254-255-чакырымында сел жүрдү.   ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан «Кабар» агенттигине билдиришкендей, катуу жааган жаандан улам жолго көчкү түшүп, жолду жаап калган. Буга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Азыркы учурда жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринде… Кененирээк…

Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10до башталат

Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10до башталат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Ал эми мектептерге сабактарды саат 8ден эрте баштоого уруксат берилди.   Мындай чечим ордо калаадагы унаа тыгындарын азайтууга багытталат. Өкмөттөн белгилешкендей, жаңычылдык аскердик… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 29-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү күтүлөт.   Бишкек – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркечтам, Балыкчы — Бөкөнбаев, Талды-Суу – Арал, Ош – Исфана жана Боом капчыгайы… Кененирээк…

Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында берилген жалпы сумма  3 миллиард 492 миллион сомду түзөт.   Каражат эки мамлекеттик банк аркылуу өсүмдүк өстүрүү жана мал… Кененирээк…

Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет

Өлкөдө 3 миң 800 үй-бүлө кооптуу аймакта жашап келет. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетовдун айтымында, учурга карата 2 миң 495 үй-бүлө мамлекет тарабынан каржылык колдоо жана жер тилкесин алган, бирок кооптуу аймактарда жашоосун улантып келет.   Алардын басымдуусу Ош жана Жалал-Абад облустарында жашайт.… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү

Кыргызстанда Улуттук инвестициялык фонд түзүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган.   Максаты — мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишин жакшыртып, эл аралык рынокко чыгарып, инвестиция тартуу. Мыйзам фонддун укуктук статусун, анын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.  … Кененирээк…

Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты

Жыл башынан берки сел элди 1 миллиард 1 миллион сомдук материалдык чыгымга учуратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.   Анын айтымында, бул суммага Ош менен Арсланбапты каптаган селдин кесепети кошулса, чыгымдын көлөмү дагы жогорулайт. 24-июлга карата Кыргызстанда жалпысынан 311 сел… Кененирээк…

Афганстанда жасалган суусундук Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда

Афганстанда жасалган «Золотая жизнь» суусундугу Бишкектеги дүкөндөрдөн сатыктан алынууда. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мекеме текшерүү жүргүзүп дүкөн текчелеринен 7 миң 356 даана суусундукту алган. Буга чейин мекеме аталган суусундуктун курамында балдардын жүрүм-турумуна жана көңүл буруусуна терс таасир тийгизген… Кененирээк…

Бишкектин Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак пайда болду

Бишкектин Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде кичи сейил бак пайда болду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, сейил бактын аймагына брусчатка төшөлүп, фонтан орнотулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстанда 15-март — Аталар күнү деп белгиленди

Кыргызстанда 15-март — Аталар күнү деп белгиленди. Жогорку Кеңеш июнда кабылган алган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Расмий маалыматка ылайык, мыйзам үй-бүлөнү чыңдоого жана атанын жоопкерчилигин жогорулатууга, коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган. Аталар күнүндө дем алыш болбойт.  … Кененирээк…