Жапаров Парижде «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт» саммитине катышты

Президент Садыр Жапаров Францияга иш сапарынын алкагында 26-июлда Париж шаарында “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы саммитке катышты.   Президенттин администрациясы билдиргендей, саммитти Эл аралык олимпиада комитети жана Франциянын президентинин канцеляриясы уюштуруп, ага мамлекет жана өкмөт башчылары, эл… Кененирээк…

Париждеги Олимпиадада 329 комплект медаль ойнотулат

Париждеги Олимпиада оюндарында 329 комплект медаль ойнотулат.   Оlympics маалымдагандай, алтын байгенин салмагы 529 грамм, күмүштүкү — 525, коло медаль 455 граммга жетет. Жалпысынан оюндар үчүн 5084 медаль жасалды. Париж медалдын дизайнын Chaumet компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.   1896-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Олимпиада… Кененирээк…

Токмок шаарында кампадан ири өрт чыкты

Токмок шаарынын Панфилов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:10дө чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 4000 чарчы метрди түзөт. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.

Ордо калаада Раззаков көчөсү капиталдык оңдоого жабылды

Ордо калаада Раззаков көчөсү капиталдык оңдоого жабылды.   Мэриянын маалыматына ылайык, учурда анын Фрунзе – Баетов тилкесинде иштер жүрүүдө. Бул жерде асфальттын жаңы катмары төшөлүп, эки тарабында тротуарлар курулат.   Ошондой эле ирригациялык тармак өткөрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Бишкектен  “Манас” эл аралык аэропортуна туруктуу коомдук транспорт каттап баштады

Бишкектен  “Манас” эл аралык аэропортуна туруктуу коомдук транспорт каттап баштады.   Бул тууралуу аталган аба майданынан билдиришти. №153 автобус 12-кичи районунан аэропортко чейин күн сайын эртең мененки саат 7.30дан кечки 8ге чейин жүрөт.   Автобустардын жүрүү аралыгы 10-15 мүнөттү түзөт. Аэропортко чейин жол кире 150… Кененирээк…

Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды

Жалал-Абад шаардык жол башкармалыгына жаңы техникалар тапшырылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун шаары мэри Эрнисбек Ормоков шаардык жол башкармалыгына асфальт төшөөчү техниканын, экскаватордун жана жүктөгүчтүн ачкычын тапшырып, аталган мекеменин эмгек жамаатына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле асфальт төшөлө турган шаардын жолдорун, тротуарларын белгиленген мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын… Кененирээк…

Бүгүн Парижде 33-жайкы Олимпиада оюндары старт алат

Бүгүн Парижде 33-жайкы Олимпиада оюндары старт алат. Салтанаттуу ачылыш аземи масштабдуу оюн-зоок менен коштолот.   Биринчи жолу ал стадиондон тышкары өтөт, спортчулардын парадын Сена аркылуу сүзгөн кайыктар алмаштырса, негизги программа Эйфель мунарасынын алдында уюштурулат.   Бүгүн Париждин үстүнөн самолетторго учууга тыюу салынган.   Ушул жана… Кененирээк…

Ошто борбордук базардын курулушу башталды

Ошто борбордук базардын курулушу башталды. Мэриядан билдиришкендей, жаңы соода аймагы Осмонов көчөсүндө жайгашат.   Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда. Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган. Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду… Кененирээк…

Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат

Бишкекте сентябрдан тарта 30 мектепте сабактар жарым саат эрте, 7:30да башталат. Мэриядан билдиришкендей, учурда борбордогу 103 мектепте 198 миңден ашык бала окуйт. Анын ичинен 7 миң  бала Чүйдүн жакынкы райондорунан келишет.   Ата-энелерге унааларды мектептердин жанына токтотууга тыюу салынат, эреже бузгандарга айып салынып, эвакуатор алып… Кененирээк…

Tesla 2026-жылы гуманоид-роботторду массалык өндүрүүнү баштайт

Tesla 2026-жылы гуманоид-роботторду массалык өндүрүүнү баштайт. Компаниянын негиздөөчүсү Илон Маск билдиргендей, адамдын сөлөкөтүнө окшотуп жасалган машинанын болжолдуу баасы 20 миң долларды түзөт.   Жасалма интеллект менен башкарылган роботтор быйыл тесттик режимде компаниянын өзүндө иштеп баштайт.   Маск ишендиргендей, ал эми келечекте алар заводдордо, чоң кеңселерде… Кененирээк…