Бишкектин айрым аймактарында бир нече күн газ болбойт

Бишкектин айрым аймактарында бир нече күн газ болбойт.   «Бишкекгаз» газ кызматы маалымдагандай, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:   29-31-июль күндөрү — КЧК, Аламүдүн дарыясы, Элебесов көчөсү, Коллективная көчөсү, Киргизия көчөсү, Бельский… Кененирээк…

Олимпиада-2024: Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат

Бүгүн кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат.   Париждеги Олимпиада оюндарында 27-июлда 14 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандын спортчуларынан биринчилерден болуп Денис Петрашов 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.   Денис Петрашов акыркы жарышта сүзөт.… Кененирээк…

Кара-Суу районунун Нариман айылында бала бакчанын курулушу уланууда

Кара-Суу районунун Нариман айылында бала бакчанын курулушу уланууда.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 120 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 миң чарчы метрден ашат. Учурда курулуш 70… Кененирээк…

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси эл аралык валюта рыногунан 48 миллион доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки 15-интервенция. Анын он экиси долларды сатып алуу боюнча жасалган.   Жалпысынан Улуттук банк 347 миллион доллар алды. Белгилеп кетсек, бул каржылык операция валюта… Кененирээк…

Бишкекте 200 жарнамалык такта алынды

Бишкекте 200 жарнамалык такта алынды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Шаар кызматтары тарабынан ишкерлер менен такталарды заманбап LЕD-экрандарга алмаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.   Мындай чара коопсуздук жана ордо калаага эстетикалык бирдиктүү көрүнүш берүү үчүн жасалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкталган логистикалык борбор курулууда

Баткенде 500 тонна жемишке ылайыкталган логистикалык борбор курулууда.   Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоорду ишке ашыруунун жалпы суммасы 18 миллион 800 миң сомду түздү, каражатты Баткен облусун өнүктүрүү фонду, Дара айыл өкмөтү жана эл аралык уюм бөлүп берди. Жыл аягына чейин беш муздаткычтуу… Кененирээк…

Байтик айылында “Байтик курулуш” аталышындагы керамикалык кыш завод ачылды

Байтик айылында “Байтик курулуш” аталышындагы керамикалык кыш завод ачылды.   Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, ишкана суткасына 150 миң кирпич чыгарат.   Учурда ал жерде 50дөн ашык адам эмгектенип жатат. Капиталдык салымдардын көлөмү 9 миллион долларды түзүп, анын 1 миллион 350 миң долларын кыргыз-орус… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарым жылда айдоочуларга жарым миллиард сомго айып салынды

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жарым жылда айдоочуларга жарым миллиард сомго айып салынды.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 6 айда 686 миңден ашык протокол түзүлүп, 438 миллион сомго айып жазылды.   Анын 165 миллион 733 миң сомун эреже бузган айдоочулар төлөдү. Андан тышкары, “АвтоУраган” комплексинин жардамы… Кененирээк…

Кыргызстанда “Социалдык келишим” программасынын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя берилет

Кыргызстанда “Социалдык келишим” программасынын ийгиликтүү катышуучуларына пайызсыз насыя берилет.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.   Анын айтымында, долбоордун алкагында жыл аягына чейин дагы 23 миң аз камсыздалган үй-бүлөгө кичи ишкерлик ачууга 100 миң сомдон берилет. Ийгиликтүү долбоорлорду колдоо… Кененирээк…

Парижде Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды

Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. 200дөн ашык өлкөдөн келген 10 миң 500 спортчу бул ирет стадиондо эмес, Сена дарыясы аркылуу чыгыштан батышты көздөй параддан кеме жана кайыктар менен сүзүп өтүшүүдө.   Салтка айлангандай катышуучулардын жүрүшүн Греция баштап берди. Спортчулар менен Франциянын президенти… Кененирээк…